Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья
Күчүн жоготкон · 12.07.2004 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 июля 2004 года № 88.
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 17-статьянын 19-пунктундагы "жана салыктар" деген сөздөр алынып салынсын.
2. "Бажы төлөмдөрүнүн түрлөрү" деген 110-статья "Бажы төлөмдөрүнүн жана салыктарынын түрлөрү" деп кайрадан аталсын жана ал төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Бажы чек арасынан өтүүдө жана ушул Кодексте белгиленген башкаучурларда төмөндөгүдөй төлөмдөр:
- бажы төлөмдөрү:
1) бажы алымы;
2) ушул Кодекстин 44, 54, 59, 75, 88, 145, 159, 162-статьяларында каралган иштердин түрлөрүнө лицензиялар берүү үчүн төлөмдөр;
3) бажы документтерин толтуруу жана аттестаттын колдонулушун улантуу боюнча адистин квалификациялык аттестатын берүү үчүн жыйымдар;
4) бажы документтерин толтуру үчүн бажы жыйымдары;
5) товарларды сактоо үчүн бажы жыйымдары;
6) товарларды бажылык коштоо үчүн бажы жыйымдары;
7) бажы аукциондоруна катышуу үчүн төлөм;
8) мөөнөтү өткөрүлгөн жана кийинкиге калтырылган төлөмдөрдүн проценттери;
9) бажы эрежелерин бузуу үчүн айып төлөмдөр;
- салыктар:
1) салык салынуучу импорттон кошумча наркка салык;
2) импорттолуучу акциз алдындагы товарлардан акциз салыгы төлөнөт.
Ушул статьяда жана салык мыйзамдарында белгиленбеген бажы төлөмдөрүн, жыйымдарын жана салыктарын киргизүү мыйзамсыз болуп саналат".
3. Кодекс төмөнкү мазмундагы 118-1 жана 118-2 статьялары менен толукталсын:
"118-1-статья. КНСти төлөөнүн мөөнөтүн узартуу
1. Салык төлөөчүнүн кат түрүндөгү арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасына импорттолуучу товарлардан КНСти төлөөнүн мөөнөтүн узартууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети төлөмдү күрөө же банк кепилдиги менен камсыз кылган шартта ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык төлөмдүн мөөнөтүн узартууга уруксат бере жана салык төлөөчүдөн салыкты төлөөнүн кат түрүндөгү графикти берүүнү талап кылаалат.
3. Эгерде салыкты төлөөнүн мөөнөтү салык төлөөчү үчүн ушул статьянын 1-бөлүгүнө ылайык узартылса, анда:
1) төлөмдү узартуунун мөөнөтүнө карабастан проценттер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык алынат;
2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети ушул статьянын 1-бөлүгүнө ылайык төлөөнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим күчүн жоготкондугу жөнүндө жарыялоого жана эгерде:
ушул статьянын 3-бөлүгүнүн жоболоруна карабастан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Төрагасы төлөмдүн мөөнөтүн узартуунун мезгилинин ичинде салык суммасынын калган бөлүгүн төлөбөй коюунун коркунучун тапса, бул жөнүндө салык төлөөчүгө кат түрүндө маалымдайт; салык төлөөчү ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган шарттар боюнча милдеттенмелерин аткарбаса, салык алууга токтоосуз киришүүгө укуктуу.
Берененин тексти 12.07.2004 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Таможенный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 30.07.1997 · № 61 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/58/st-1" title="1-статья - О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>