Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик маанидеги документтер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 30-ноябры №826
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Мамлекеттик маанидеги документтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.К.Иманалиев
тарабынан демилге кылынган «Мамлекеттик маанидеги документтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундудагы баяндалган сын-пикирлерди эске алуу менен макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 30-ноябры №24-25580
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
«Мамлекеттик маанидеги документтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.К.Иманалиев тарабынан демилге кылынган «Мамлекеттик маанидеги документтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык аны кабыл алууга төмөнкүдөй сын- пикирлерди эске алуу менен макулдук берет. Мыйзам долбоорунун 2-статьясынын 1-пунктунда "жана мамлекеттин кепилдиги менен" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз. Мыйзам долбоорунун 2-статьясынын 3-пунктунун үчүнчү абзацында мамлекеттик маанидеги документтердин кайсы айрым категориялары чет (англис) тилде даярдала тургандыгын тактоону, ошондой эде бул тизмени тактоого укук берилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды көрсөтүүнү сунуш кылабыз. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясына ылайык Кыргыз Республикасында расмий документтер, нормативдик укуктук актылар жана мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка чечимдери мамлекеттик тилде кабыл алынат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат. Мамлекеттик тилдеги документ түп нускасы болуп эсептелет. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен 2-статьянын 3-пунктунун төртүнчү абзацындагы "бир тилден" деген сөздөрдү "мамлекеттик тилден" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз. 2-статьянын 8-пунктунда коргоонун маалыматтык элементтерине коюлуучу талаптар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгып, аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитишин карап чыгууну сунуш кылабыз. Мыйзам долбоорунун 2-статьясынын 9-пунктунда мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоонун сапаты жана мөөнөтү үчүн жоопкерчиликти белгилөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарта тургандыгы болжолдонот. Бирок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын персонификацияланган документтеринин мамлекеттик реестри жөнүндө жобонун 2.5 жана 2.6-пункттарына ылайык маалыматтардын тууралыгына (колдонууга чыгарылган персонификацияланган документтер мамлекеттик персонификацияланган документтердин үлгүлөрүнө ылайык келишине), өз учурунда берилишине, маалыматтардын толуктугуна жана коштомо документтерди тариздөөнүн тууралыгы үчүн даярдоочу ишкана жоопкерчилик тартат. Белгиленген мамлекеттик үлгүгө ылайык келишине жана документте маалыматтын толук берилишине жоопкерчиликти арыз берүүчү уюм тартат. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Мыйзам долбоорунун 2- статьясынын 9-пунктунун редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз. Мыйзам долбоорунун 3-статьясын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш кылабыз: "3-статья. Мамлекеттик маанидеги документтер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна, эл аралык укуктун нормаларына, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизденет жана өзүнө ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын камтыйт.". 6-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. Мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоого уруксатты тендердин жыйынтыктарынын негизинде Кыргыз Республикасынын, Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган берет.". 7-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо укугу мамлекеттик ишканаларга жана акциялардын контролдук пакети мамлекетке тиешелүү болгон, документтерди даярдоо үчүн керектүү технологиялары бар ишканаларга таандык. Мамлекеттик ишканада мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо үчүн керектүү технологиялары жок болсо, документтерди даярдоо укугу керектүү технологиялары бар Кыргыз Республикасынын жеке ишканаларына өткөрүлүп берилиши мүмкүн.". Ошондой эле Мыйзам долбоорун анда колдонулуучу терминдерге аныктама берүүчү статьялар менен толуктоону, ошондой эле шилтеме берилүүчү нормалардын саны көп болгондуктан мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо, тариздөө жана эсепке алуу процессин конкреттештирүү зарыл деп эсептейбиз.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз…Постановление · 29.05.2002 · № 350 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөЗакон · 02.04.2004 · № 54 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 токтому менен…Положение · 29.05.2002 · № 350 · Күчүн жоготкон