# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-ноябрындагы №819 "Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерин, калктуу конуштарын жана аймактарын суу каптоого байланышкан проблемаларды чечүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-ноябрындагы №819 "Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерин, калктуу конуштарын жана аймактарын суу каптоого байланышкан проблемаларды чечүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 819
- Кабыл алынган күнү: 28.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57989>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11861/edition/327023/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57989.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-ноябрындагы №819 "Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерин, калктуу конуштарын жана аймактарын суу каптоого байланышкан проблемаларды чечүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57989

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-ноябры №819

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерин, калктуу конуштарын

жана аймактарын суу каптоого байланышкан проблемаларды чечүү

боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө

Кыртыш алдындагы суулардын көтөрүлүшүнөн жерлердин начарлоо жана

турак жайлык фонддун бузулуу тенденциясын эске алып, Кыргыз

Республикасынын айдоо жерлерин, калктуу конуштарын жана аймактарын суу

каптоого байланышкан проблемаларды комплекстүү чечүү максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги министрликтердин, администрациялык ведомстволордун,

жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдарынын кыртыш алдындагы суулардын жана

республиканын аймагын суу каптоонун дењгээлин азайтуу боюнча иш-

аракеттерин координациялоо боюнча жооптуу мамлекеттик орган болуп

аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги:

- тийиштүү министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте Кыргыз

Республикасынын айдоо жерлерин, калктуу конуштарын жана аймактарын суу

каптоо проблемасын чечүү боюнча 2007-2010-жылдарга карата улуттук

программаны иштеп чыксын жана аныкталган тартипте Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги,

жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдары менен бирдикте коллектордук-дренаждык системаларды

калыбына келтирүү жана кыртыш алдындагы суулардын дењгээлин төмөндөтүү

боюнча биринчи кезектеги жумуштарды каржылоонун булактарын жана

тартибин 2006-жылдын ноябрынын аягына чейин аныктасын;

Кыргыз Республикасынын Адинистрациялык жоопкерчилик жөнүндө

кодексине эксплуатациялоочу уюмдардын, ишканалардын жана жеке

адамдардын коллектордук-дренаждык тармактардын техникалык абалы,

эксплуатацияланышы, бузулганы үчүн жоопкерчилигин караштырган

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

чечиминин долбоорун аныкталган тартипте киргизсин;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары менен бирдикте коллектордук-дренаждык

тармактарга инвентаризация жүргүзсүн жана алардын ведомстволук

таандыктыгын аныктасын;

- тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте Кыргыз

Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай

министрлигинин алдында гидромелиорациялык экспедиция түзүү жөнүндө

маселени карасын жана 2006-жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун аныкталган тартипте

киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана

курулуш боюнча мамлекеттик агенттик:

- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги жана Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз

мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте

коллектордук-дренаждык тармактар жайгашкан жерлерди турак жай жана

башка курулуштарды куруу үчүн бөлүп берүүнүн себептерин аныктасын,

мындай эреже бузууларга жол берген күнөөлүү кызмат адамдарын жазалоо

боюнча сунуштарды киргизсин;

- бузулган коллектордук-дренаждык тармактарды калыбына келтирүүгө

көрсөтмөлөрдү берсин жана алардын аткарылышына катуу контролду

уюштурсун;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдары менен бирдикте калктуу конуштарды курууну,

реконструкциялоону жана кењейтүүнү курулуштун генералдык пландарына

жана райондогу курулушту пландоонун схемаларына катуу ылайык ишке

ашырсын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө

укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, жергиликтүү мамлекеттик

администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен

бирдикте инженердик коммуникациялардын корулуучу зоналарында жерлердин

бөлүп берилишин болтурбоо максатында жер участокторду бөлүп берүүнүн

тартибин аныктасын.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерин,

калктуу конуштарын жана аймактарын суу каптоо проблемасын чечүү боюнча

2007-2010-жылдарга карата улуттук программаны каржылоо булактарын

аныктасын;

- кыртыш алдындагы суулардын дењгээли көтөрүлүшүнүн себебин

аныктоо боюнча илимий изилдөөчү жумуштарды жүргүзүү жана алардын

себептерин жоюу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу үчүн Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар

боюнча мамлекеттик агенттикке республикалык бюджеттен 2,5 млн. сом

бөлүүнү караштырсын;

- калктуу конуштарды жана аймактарды суу басуу проблемасын чечүүгө

инвестицияларды тартуу боюнча иш жүргүзсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигинин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана чарбакер

субьекттердин жетекчилерине коллектордук-дренаждык тармактын

техникалык абалы жана алардын эксплуатацияланышы үчүн жеке

жоопкерчилик жүктөлсүн.

6. Бул токтомду аткаруунун жүрүшү 2007-жылдын апрелинде Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында каралсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Биринчи вице-премьер-министри Д.Т.Үсөновго тапшырылсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
