Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча концепцияны бекитүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-ноябры №817
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан
мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен шайкештикти
ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча концепцияны
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 602
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "Кыргыз Республикасында
техникалык жөнгө салуу жагынан институционалдык структуралык кайра
түзүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин
аткаруучунун Жарлыгын ишке ашыруу боюнча 2006-жылга иш-чаралардын
планын бекитүү тууралуу" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттер
жана башка чет өлкөлөр менен шайкештикти ырастоонун натыйжаларын
таануу боюнча тиркелген концепция (мындан ары -Концепция) бекитилсин.
2. Бул Концепция Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан
мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен шайкештикти ырастоонун
натыйжаларын таануу тармагында өкмөттөр аралык, эл аралык ведомстволор
аралык макулдашууларды, келишимдерди жана башка документтерди иштеп
чыгуу үчүн негиз болоору белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик
администрациялары Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан
мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен шайкештикти ырастоонун
натыйжаларын таануу боюнча концепцияны көњүлгө жана колдонууга
алышсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 28-ноябрындагы
№ 317 токтому менен бекитилген
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан
мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен шайкештикти
ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча
концепция
1. Жалпы жоболор
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (мындан ары -КМШ)
катышкан мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен шайкештикти
ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча бул концепция (мындан ары -
Концепция) Кыргыз Республикасында экспорттук-импорттук операциялар
үчүн ыњгайлуу климат түзүү, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө
салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке
ашыруу, адамдардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоосунун, ден
соолугунун коопсуздугун камсыздоо, айлана-чөйрөнү коргоо максатында
иштелип чыкты.
Продукциянын коопсуздугун камсыздоо проблемасын чечүү
координацияланган эл аралык техникалык-экономикалык жана финансылык
саясаттын, эл аралык байланыштарды өнүктүрүүнүн жана өркүндөтүүнүн
негизинде ишке ашырылууга тийиш.
Концепция КМШга жана ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү илимий-
техникалык жана соодалык-экономикалык кызматташтык тармагында кабыл
алышкан документтердин (1992-жылдын 13-мартындагы Стандартташтыруу,
метрология жана сертфикаттоо тармагында макулдашылган саясат жүргүзүү
жөнүндө макулдашуу, 2006-жылдын 19-майындагы Евразия экономикалык
шериктештигине (мындан ары - ЕврАзЭС) мүчө мамлекеттердин рынокторунда
продукцияны жүгүртүүнүн бирдиктүү белгисин колдонуу жөнүндө
макулдашуу), ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердин
Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер
аралык кењешинин (КМШнын МАК), Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС),
Экономикалык Кызматташуу Уюмунун (ЭКО), ЕврАзЭСтин Мамлекеттер аралык
кењешинин жигердүү ишмердигинин негизинде ишке ашырылат.
Концепция КМШга катышкан мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен
шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча ишти жөнгө салуу
чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги максаттарын, принциптерин
жана багыттарын аныктайт.
КМШга катышкан мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен шайкештикти
ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча мамлекеттик саясаттын максаттары
төмөнкүдөй:
эркин соода зонасын түзүүдө КМШга катышкан мамлекеттердин жана
башка чет өлкөлөрдүн соодалык-экономикалык, илимий-техникалык
кыызматташуусундагы тоскоолдуктарды жоюуга мүмкүндүк берүүчү жалпы
нормативдик-техникалык жана метрологиялык камсыздоону сактоо жана
андан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
КМШга катышкан мамлекеттердин жана башка чет өлкөлөрдүн аймактарына
ата мекендик продукцияны тоскоолдуксуз алып кирүү үчүн шарттарды
түзүү;
улуттук нормативдик укуктук базаны эл аралык эрежелер менен
нормаларга, ошондой эле импортчу өлкөлөрдүн эрежелерине жана
нормаларына ылайык келтирүү.
КМШга катышкан мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен шайкештикти
ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча ишти жүргүзүүнү мамлекеттик
жөнгө салуу төмөнкүдөй милдеттүү принциптердин негизинде ишке
ашырылууга тийиш:
соодада ашыкча тоскоолдуктарды жаратууга жол берилбестик;
жөнөкөйлөштүрүлгөн, так жана түшүнүктүү жол-жоболорду белгилөө жана
арыз берүүчүнүн алардан өтүшүнө мөөнөттөрдү жана чыгымдарды
минималдаштыруу;
далилдик база бар болсо жана продукцияны ташууда жана сактоодо
пайда болгон кемчиликтер жок болсо кошумча талаптарды жана сыноолорду
киргизүүгө жол берилбестик, ошондой эле мамлекеттик жана башка ыйгарым
укуктуу органдар тарабынан аракеттердин кайталанбашы;
таануу боюнча ишти жүргүзүүнү мамлекеттик жөнгө салуу маселеси
боюнча маалыматка эркин жеткиликтүүлүктү камсыздоо.
Концепция узак мөөнөттүү келечекке эсептелген.
Концепция эњ маанилүү багыттарды аныктайт, алар: ишканаларда 9000-
сериядагы эл аралык ИСО стандарттарынын жана башка системалардын
негизинде сапаттын менежменти методун киргизүү жолу менен продукциянын
коопсуздугун камсыздоо, КМШга катышкан мамлекеттердин жана башка чет
өлкөлөрдүн шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча өз ара
байланышта иштөөлөрүнүн негизги принциптерин белгилөө.
2. КМШга катышкан мамлекеттердин жана башка чет өлкөлөрдүн
шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча иштеринин
принциптери, максаттары, милдеттери жана негизги багыттары
2.1. Шайкешикти ырастоонун натыйжаларын таануунун принциптери
Шайкешикти ырастоонун натыйжаларын таануу тармагында өз ара
байланышта иштешүүнүн принциптери Көз карандысыз Мамлекеттер
Шериктештигиндеги мамлекеттердин негиз түзүүчү документтерине,
стандартташтыруу, метрология, шайкештикти ырастоо жана бул
тармактардагы ишти аккредитациялоо боюнча өкмөттөр аралык жана
ведомстволор аралык көп тараптуу жана эки тараптуу макулдашууларга
таянат жана ар кыл багыттардагы кызматташуунун өзгөчөлүгүн эске алуу
менен конкреттештирилүүгө тийиш.
Шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу тармагында өз ара
байланышта иштешүүнүн негизги принциптери:
конкреттүү программалар жана долбоорлор боюнча биргелешкен иштерге
катышуунун ыктыярдуулугу;
биргелешкен ишке катышуучулардын тењ укуктуулугу жана алардын
кызматташтыгынын өз ара пайдалуулугу;
эл аралык укуктун нормаларын сактоо жана мурда кабыл алынган
милдеттенмелерди аткаруу;
кызматташтыктын уюштуруу формасын тандоо эркиндиги.
2.2. Шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануунун максаттары жана
милдеттери
Концепция КМШга катышкан мамлекеттердин жана башка чет өлкөлөрдүн
коопсуз продукция жаратуу жана рынокко чыгаруу боюнча макулдашылган иш-
аракеттерин белгилөөгө багытталган жана төмөнкүлөргө шарттарды түзөт:
атаандаштыкка жарактуу продукциянын экспортун көбөйтүүгө жана аны
сатуу рыногун кењейтүүгө;
КМШга катышкан мамлекеттерге жана башка чет өлкөлөргө экспорттолчу
продукция үчүн техникалык тоскоолдуктарды жоюу жагындагы ишти
координациялоого;
КМШга катышкан мамлекеттердин жана башка чет өлкөлөрдүн
продукциянын коопсуздугун камсыздоо боюнча стандарттарын жана
нормативдик укуктук базасын жалпы кабыл алынган эл аралык жана
региондук нормаларга, анын ичинде ЕС өлкөлөрүндө кабыл алынгандарга,
ошондой эле Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында түзүлгөн Соодадагы
техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуунун жоболорун эске алуу
менен шайкеш келтирүүгө;
продукциянын жана сапаттын менежментинин системасынын эл аралык
стандарттардын талаптарына шайкештигин ырастоо, ошондой эле
аккредитациялоонун улуттук системаларын, шайкештикти ырастоо боюнча
органдарды жана сыноочу лабораторияларды түзүү жана өз ара таануу
тармагында биргелешкен иштерди жүргүзүүгө.
Бул Концепциянын негизги милдеттери төмөнкүдөй:
КМШга катышкан мамлекеттердин жана башка чет өлкөлөрдүн
ишканаларында эл аралык ISO 9000, 14000, QS 9000 жана рыноктук
экономикада натыйжалуу ишти камсыздоонун манилүү шарты болгон башка
сериядагы стандарттардын негизинде сапатты башкаруунун принциптерин
жана методдорун киргизүү;
шайкештикти ырастоо боюнча органдарды жана сыноочу (өлчөөчү)
лабораторияларды аккредитациялоо тармагындагы эрежелерди (жол-
жоболорду) эл аралык стандарттардын негизинде шайкеш келтирүүгө жана
продукциянын жана сапаттык системалардын шайкештигин ырастоонун,
ошондой эле продукцияны, заттарды жана материалдарды гигиеналык,
ветеринардык, фитосанитардык жөнгө салуунун жана каттоонун
натыйжаларын өз ара таанууну камсыздоого.
Улуттук жана мамлекеттер аралык башка илимий-техникалык жана
экономикалык программаларды аткаруу менен бирге Концепциянын
максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу өнөр жайлык өндүрүштүн
өсүшүн, экспорттук-импорттук иштин жанданышын камсыздайт жана КМШга
катышкан мамлекеттердин жана башка чет өлкөлөрдүн экономикаларында
кризистүү абалдарды жоюуга мүмкүндүк берет.
2.3. Шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча иштин
негизги багыттары
Шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча иштин негизги
багыттары төмөнкүдөй:
аккредитациялоо, шайкештикти ырастоо, сыноолорду жана
текшерүүлөрдү метрологиялык камсыздоо, сапаттын системаларын түзүү,
продукциянын коопсуздук проблемасын чечүүдө илимий, техникалык,
эмгектик жана финансылык ресурстарды пайдаланууну оптималдаштыруу
тармагында макулдашылган саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү, экспортту
көбөйтүү;
аккредитациялоо системаларын, шайкештикти ырастоо системаларын,
сертификаттоонун жана аккредитациялоонун, сыноолордун жана
текшерүүлөрдүн натыйжаларын өз ара таанууну камсыздоонун негизинде
өнөктөргө ишенимди жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу;
продукциянын коопсуздугун камсыздоо жана шайкештикти ырастоо
тармагында өз ара байланышта иштөөнүн уюштуруучу инфраструктураларын
жана иштиктүү формаларын түзүү;
КМШга катышкан мамлекеттердин жана башка чет мамлекеттердин
продукциянын коопсуздугу тармагындагы стандарттарын, санитардык
нормаларын жана нормативдик укуктук базаларын эл аралык стандарттарды
жана нормаларды, ошондой эле Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында түзүлгөн
Макулдашуунун соодадагы техникалык тоскоолдуктар бөлүгүнүн жоболорун
эске алуу менен шайкеш келтирүү;
метрология боюнча негиз түзүүчү нормативдик документтердин
структурасын жана мазмунун эл аралык жана мамлекеттер аралык
документтерге шайкеш келтирүү;
эталондук базаны өркүндөтүү;
эл аралык негизги салыштырууларды жүргүзүүгө катышуу;
продукциянын коопсуздугу, анын эл аралык стандарттардын
талаптарына шайкештигин ырастоо тармагында маалыматтык камсыздоону
жана маалымат алмашууну өркүндөтүү;
продукциянын коопсуздугунун жана шайкештикти ырастоонун
натыйжаларын таануунун илимий-техникалык, укуктук, экономикалык жана
социалдык проблемалары боюнча эл аралык конференцияларды,
симпозиумдарды жана семинарларды уюштуруу жана өткөрүү.
Ошондой эле сертификациялык жана метрологиялык инфраструктураларды
түзүүнүн жана иштетүүнүн макулдашылган нормативдик жана укуктук
базасын иштеп чыгуу, продукцияны долбоорлоодо, иштеп чыгууда,
өндүрүүдө, кураштырууда жана тейлөөдө 9000 жана 14000 ИСО сериясындагы
эл аралык стандарттарга ылайык жалпы методологияны иштеп чыгуу да
зарыл, анын ичинде:
сапаттык системаларга карата талаптар;
продукцияны, сапат жана өндүрүш системаларын сертификаттоо боюнча
органдарга жана эксперттерге карата эл аралык же улуттук талаптар;
арыздарды берүүнүн, аларды кароонун жана продукцияны, сапат жана
өндүрүш системаларын сертификаттоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун
жол-жоболору;
ишканалардын, уюмдардын, сертификаттоо боюнча органдардын, сыноочу
лабораториялардын сапатынын менежменти системаларына баа берүү жол-
жоболору;
шайкештик жөнүндө сертификаттарды жана декларацияларды
жасалмалоодон сактануунун формалары жана методдору;
шайкештик жөнүндө сертификаттарды жана декларацияларды көрсөтүүнүн
жана пайдалануунун тартиби;
ишканаларга шайкештик сертификаты жөнүндө маалымдоонун тартиби;
сапаттын жана өндүрүштүн менежменти системаларында
аккредитацияланган органдар жүргүзүүчү баа берүүнү өз ара таануунун
эрежелери жана жол-жоболору;
ишканалардын сапаттык менежмент системаларын кайталап баалоонун
(инспекциялык контролдун) жол-жоболору;
шайкештикти баалоого катышкан персоналдын компетенттүүлүгүн таануу
жол-жобосу;
продукциянын негизги түрлөрүнүн коопсуздугун жана атаандаштыкка
жарактуулугун жогорулатууну илимий-техникалык камсыздоо;
сертификациялык инфраструктуралардын улуттар аралык тармагын
түзүүнүн жана каржылоонун тартибин иштеп чыгуу, анын ичинде:
сапаттын менежменти системалары боюнча консалтингдик уюмдардын иш
тартибин белгилөө;
стандарттарды которуу жана легалдаштыруу, эл аралык стандарттарды
колдонуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, шайкештикти ырастоо, сапаттын
жана өндүрүштүн сапатын менежменттөө системаларын сертификаттоонун,
тийиштүү консалтингдик тейлөөнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча
баа саясатын иштеп чыгуу.
3. КМШга катышкан мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен
шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таанууну
камсыздоонун саясий, экономикалык жана социалдык
натыйжасы
КМШнын жана ДСУнун алкактарында кењири эл аралык кызматташтыкка,
анын ичинде шайкештикти ырастоонун натыйжаларын таануу боюнча
кызматташтыкка катышуу эл аралык шериктештикте өлкөнүн беделин
жаратууга жакшы таасир тийгизет.
КМШ өлкөлөрүнө жана башка чет өлкөлөргө экспорттолчу продукция
үчүн техникалык тоскоолдуктарды жоюу тармагындагы ишти
координациялоону жана ага байланыштуу маалыматты майнаптуу пайдалануу,
анын ичинде шайкештикти ырастоонун натыйжалары таанылышын камсыздоо,
продукциянын коопсуздугун жана атаандаштыкка жарактуулугун арттыруу
КМШга катышкан мамлекеттердин, биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын
жана башка чет өлкөлөрдүн экономикаларындагы кризистүү жагдайларды
болтурбоого шарт түзө алат.
Концепцияны ишке ашыруу ар бир КМШ мамлекетинин жана башка чет
өлкөлөрдүн улуттук экономикаларынын туруктуу өнүгүүсүнүн, өз ара
пайдалуу эл аралык байланыштардын жана эл аралык сооданын өнүгүшүнө
кызмат кылат жана адамдардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн
жашоосунун, ден соолугунун коопсуздугун камсыздоого, айлана-чөйрөнү
коргоого орчундуу салым кошууга тийиш.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- СОГЛАШЕНИЕ о проведении согласованной политики в области стандартизации, метрологии и сертификацииСоглашение · 13.03.1992
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 602 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана…Постановление · 21.12.2005 · № 602 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.