# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-ноябрындагы № 815 "Япония Өкмөтүнүн грантынын эсебинен айыл чарба техникалары түрүндө берилген кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарды айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мажбурлап төлөтүүлөрдү кайра баштоо тууралуу"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-ноябрындагы № 815 "Япония Өкмөтүнүн грантынын эсебинен айыл чарба техникалары түрүндө берилген кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарды айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мажбурлап төлөтүүлөрдү кайра баштоо тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 815
- Кабыл алынган күнү: 28.11.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57985>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11858/edition/327019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57985.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-ноябрындагы № 815 "Япония Өкмөтүнүн грантынын эсебинен айыл чарба техникалары түрүндө берилген кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарды айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мажбурлап төлөтүүлөрдү кайра баштоо тууралуу" (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57985

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-ноябры № 815

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Япония Өкмөтүнүн грантынын эсебинен айыл чарба

техникалары түрүндө берилген кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн

карыздарды айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мажбурлап

төлөтүүлөрдү кайра баштоо тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335

токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн

ортосундагы Япония Өкмөтүнүн гранттарынын Утурлама фондуларында

акча каражаттарды топтоо боюнча Алмашуу ноталарынын 6-пунктунда

баяндалган Япония Өкмөтүнүн алдындагы милдеттенмелердин

аткарылышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы

министрлигинин алдындагы Экономиканы өндүрүүнүн мамлекеттик фонду

Япония Өкмөтүнүн грантынын эсебинен айыл чарба техникалары түрүндө

берилген кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарды айылдык товар

өндүрүүчүлөрдөн мажбурлап төлөтүүлөрдү сот жана укук коргоо

органдары аркылуу кайра баштасын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра

иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
