# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-ноябрындагы №813 " Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыз кылуу жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоодогу кырдаалды турукташтыруу боюнча өзгөчө чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы № 174 токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-ноябрындагы №813 " Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыз кылуу жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоодогу кырдаалды турукташтыруу боюнча өзгөчө чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы № 174 токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 813
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57982>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11857/edition/327016/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57982.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-ноябрындагы №813 " Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыз кылуу жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоодогу кырдаалды турукташтыруу боюнча өзгөчө чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы № 174 токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу" токтому (18.12.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57982

---

Бишкек шаары, Јкмјт Ійі

2006-жылдын 22-ноябры №813

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫНК ЈМЈТІНІН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен

камсыз кылуу жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

чечимдерин аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын

жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоодогу кырдаалды

турукташтыруу боюнча өзгөчө чаралар жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы № 174

токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чараларга карабастан

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз

Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоодогу кырдаалды

турукташтыруу боюнча өзгөчө чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 20-мартындагы № 174 токтомунун айрым жоболорун Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар

мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги өз учурунда аткарбагандыганын натыйжасында

Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоодогу жагдай

кайрадан курчуп кетти.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине жалпы жарандык паспортторду

алуудагы көптөгөн кыйынчылыктар тууралуу жарандардан даттануулар жана арыздар

азыр деле түшүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана

технологаялар мамлекеттик агенттигинин ишти жетиштүү түрдј уюштурбагандыгынан

2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттордун бланктары жакынкы күндөрү

түгөнөт.

2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттордун бланктарынын келиши бул

проблеманы чече албайт.

Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоого

байланыштуу жагдайды турукташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоо

боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана

технологиялар мамлекеттик агенттигинин иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.

2. Иштеги кетирилген кемчиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин

директору Кенжетаев Амангелди Шакировичке ээлеген кызматынан бошотууга чейин

дисциплинардык катуу жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын

Президентине өтінүч кат берилсин.

3. Тјмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык

паспорту ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине

катышуучу мамлекеттердин аймактарына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү, ал жерде

жүрүү жана болуу үчүн 2006-жылдын 25-декабрынан тартып колдонууга киргизиле

тургандыгы;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык

паспорту ЕврАзЭС өлкөлөрүн жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине

катышуучу мамлекеттерди кошпогондо өлкөнүн аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен

өтүү, ал жерде жүрүү жана болуу үчүн 2007-жылдын 25-декабрынан тартып колдонууга

киргизиле тургандыгы.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана

технологиялар мамлекеттик агенттиги:

- 2006-жылдын 25-ноябрынан тартып 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык

паспортторду персонификациялоону баштасын;

- «Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндјгү дипломатиялык

жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун бир эле мезгилде

алардын үлгүлөрүн берүү менен 2007-жылдын 10-мартына чейин белгиленген тартипте

киргизсин;

- 2006-жылдын 20-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер

министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык

паспортун тариздјөнүн, берүүнүн жана эсепке алуунун тартиби женүндө нускаманы

иштеп чыксын жана бекитсин;

- жалпы жарандык, дипломатиялык, кызматтык паспорттордун, ошондой эле Кыргыз

Республикасынын жаранынын паспортунун керектүү санынын эсептерин эске алуу менен

2006-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

кароосуна тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылган 2007-

жылга республиканын калкын паспорттоштуруунун планын киргизсин, мында

мектептердин жана атайын орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн паспорт менен

камсыздоого өзгөчө көњүл бурсун.

5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:

- 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттордун үлгүлөрүн алгандан

кийин белгиленген тартипте аларды чет мамлекеттерге кабарлоо үчүн жиберсин;

- Кыргыз Республикасынын жарандары кыйла көбүрөөк барган чет мамлекеттердин

ыйгарым укуктуу органдары менен алар жањы паспорттордун үлгүлөрүн алган учурдан

тартып көрсөтүлгөн мамлекеттерге баруу мүмкүнчүлүгүнө чейин мөөнөттөрдү

болушунча кыскартуу мүмкүндүгү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;

- 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту бар Кыргыз Республикасынын

жарандары чет мамлекеттерде болгондо талаш-тартыштуу жагдайларды болтурбоо

максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар

мамлекеттик агенттиги менен бирдикте жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу 2006-

жылдын үлгүсүндјгү жалпы жарандык паспорттору менен барууга мүмкүн болгон

өлкөлөрдүн тизмеси жана мөөнөттөрү тууралуу республиканын калкына маалымат

берсин;

- ЕврАзЭС өлкөлөрүндө жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине

катышуучу мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына 2006-жылдын

үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду 2006-жылдын 25-декабрынан тартып бере

баштасын;

- ЕврАзЭС өлкөлөрүн жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу

мамлекеттерди кошпогондо чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын

жарандарына 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду 2007-жылдын 25-

февралынан тартып бере баштасын.

6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

- ЕврАзЭС өлкөлөрүнө жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине

катышуучу мамлекеттерге чыгуучу Кыргыз Республикасынын жарандарына 2006-жылдын

үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду 2006-жылдын 25-декабрынан тартып бере

баштасын;

- ЕврАзЭС өлкөлөрүн жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу

мамлекеттерди кошпогондо чет мамлекеттерге чыгуучу Кыргыз Республикасынын

жарандарына 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду 2007-жылдын 25-

февралынан тартып бере баштасын;

- жарандын 1994-жылдын үлгүсүндјгү паспортун жарандын 2004-жылдын

үлгүсүндөгү паспортко (ID-карточка) алмаштыруу зарылдыгы жөнүндө калк арасында

түшүндүрүү иштерин активдештирсин.

7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдеринин

негизинде улуттук паспортторду ташууну үзгүлтүккө учуратууга жол бербөө

максатында «Спецсвязь» мамлекеттик ишканасын тез арада каржыласын;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен

бирдикте 2007-жылга паспортторду ташууну уюштуруу жана акы төлөө булагын аныктоо

боюнча 2006-жылдын 10-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна

сунуш киргизсин.

8. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-

министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр
