# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы №806 «2001-2010-жылдарда Ош шаарын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 5-сентябрындагы № 521 токтомуна јзгөртүүлөрдү киргизүү жјнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы №806 «2001-2010-жылдарда Ош шаарын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 5-сентябрындагы № 521 токтомуна јзгөртүүлөрдү киргизүү жјнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 806
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57973>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11849/edition/327003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57973.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы №806 «2001-2010-жылдарда Ош шаарын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 5-сентябрындагы № 521 токтомуна јзгөртүүлөрдү киргизүү жјнүндө" токтому (08.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57973

---

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 8-сентябрындагы № 505 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 21-ноябры №806

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«2001-2010-жылдарда Ош шаарын комплекстүү социалдык-

экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу

боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 5-сентябрындагы № 521 токтомуна јзгөртүүлөрдү

киргизүү жјнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүміндјгү өзгөртүп кайра түзүүлөргө,

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргј,

ошондой зле «2001 -2010-жылдарда Ош шаарын комплекстүү социалдык-экономикалык

өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы жјнүндө» Кыргыз Республикасынын

Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 5-сентябрындагы № 521 токтомунун жарым-

жартылай ишке ашырылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. «2001-2010-жылдарда Ош шаарын комплекстүү социалдык-экономикалык

өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 5-сентябрындагы № 521 токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2, 3 жана 4-пункттардагы «мамлекеттик комиссиялардын» жана «мамлекеттик

комиссиялар» деген сөздөр алып салынсын;

- 3-пункттагы «Финансы министрлиги» деген сјздөр «Экономика жана финансы

министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пункттун үчүнчү абзацындагы жана 5-пункттагы «Финансы министрлиги» деген

сөздөр «2001 -2010-жылдарда Ош шаарын комплекстүү социалдык-экономикалык

өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Координациялык кењештин алдындагы аткаруучу дирекциясы» деген

сөздјр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2001-2010-жылдарда Ош шаарын

комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке

ашыруу боюнча иш-чаралардагы:

«Структуралык кайра түзіүлјр» бөлүмүнүн 1-пункту, «Өнөр-жай» бөлүмүнүн 1-

пункту, «Транспорт» бөлүмүнүн 6-пункту, «Байланыш жана телекоммуникациялар»

бөлүмүнүн 3-пункту жана «Шаар куруу» бөлүмүнүн 10-пункту алып салынсын;

«Транспорт» бөлүмүнүн 11-пунктунда «Жооптуу аткаруучулар» графасындагы «КАЖ»

УАК», Ош шаарынын мэриясы» деген сөздөр «Транскоммин», «Манас» Эл аралык

аэропорту» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

«Айлана-чјйрөнү коргоо» бөлүмүнүн 9-пунктундагы «ЭӨКМ» кыскартылган сөзү

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана

токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2001-2003-жылдарда Ош шаары

боюнча капиталдык курулуш объектилеринин тизмесинде:

17, 18,21,25,29,31 жана 72-пункттар алып салынсын;

20-пункттагы «Токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агентствосу» деген сөздөр

«Кыргыз Республикасынын Јкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана

токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Координациялык кењештин курамы ушул

токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. «2001-2010-жылдарда Ош шаарын комплекстүү социалдык-экономикалык

өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 5-сентябрындагы №521 токтомуна өзгөртүү

киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмјтүнүн 2004-жылдын 14-сентябрындагы

№696 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-

министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 21-ноябрындагы

№ 806 токтомуна тиркеме

«2001-2010-жылдары Ош шаарын социалдык-экономикалык жактан

комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 17-

июлундагы № 225 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча

Координациялык кењештин курамы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Координациялык кењештин төрагасы,

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри,

Координациялык кењештин төрагасынын орун басары,

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор,

Координациялык кењештин төрагасынын орун басары,

Ош шаарынын мэри, Координациялык кењештин төрагасынын орун басары.

Координациялык кењештин мүчјлөрү:

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри,

Кыргыз Республикасынын маданият министри,

Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри,

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү јнөр жай министри,

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри,

Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактан коргоо министри,

Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри,

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри,

Кыргыз Республикасынын өнјр жай, соода жана туризм министри,

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик

комитетинин төрагасы,

Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик

комитетинин төрагасы,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты (макулдашуу боюнча),

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты (макулдашуу боюнча),

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык

өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча),

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү

башкармалыгынын начальниги,

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү

башкармалыгынын эксперти, 2001-2010-жылдарда Ош шаарын комплекстүү социалдык-

экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Координациялык кењештин алдындагы Аткаруучу

дирекциясынын башкы директору.

Премьер-министрдин

Аппарат жетекчиси-министр Т.Коеналиев
