# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 " 2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 " 2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 805
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57970>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11847/edition/326999/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57970.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 " 2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө" токтому (29.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57970

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 21-ноябры № 805

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591, 2025-жылдын 29-январындагы № 45 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Бишкек шаарын келечектүү өнүктүрүү боюнча топтолгон проблемаларды чечүү, борбордун калкынын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү, Бишкек шаарынын башкы планына жана Кыргыз Республикасынын борборун план ченемдүү, гармониялуу өнүктүрүүгө байланыштуу шаар курулуш иштерине бардык субъекттердин кызыкчылыктарын мамлекеттик дењгээлде укуктук жактан коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз илим-изилдөө шаар курулуш долбоорлоо институту тарабынан иштелип чыккан 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жана анын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү бекитилсин.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте Бишкек шаарынын Башкы планында аныкталган Бишкек шаарынын жана шаар айланасындагы зонасынын чегаралардагы шаардын чегинин долбоорун 2008-жылдын 1-январына чейин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизсин;

- Бишкек шаарынын Мамлекеттик шааркурулуш кадастрын электрондук версияда иштеп чыксын;

- курулушту ишке ашырууда Бишкек шаарынын бекитилген Башкы планын катуу жетекчиликке алсын.

21. Бул токтомдун 1, 2-пункттары жер мунапысынын объектилерине жайылтылбайт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 591 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ф.Кулов
