# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-ноябрындагы №802 "Мамлекеттик каражаттардын эсебинен сатып алынуучу жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылануучу саламаттык сактоо уюмдары үчүн импорттолуучу медициналык жабдуулардын, медициналык жабдууларга запас бөлүктөрдүн жана чыгымдалуучу материалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-ноябрындагы №802 "Мамлекеттик каражаттардын эсебинен сатып алынуучу жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылануучу саламаттык сактоо уюмдары үчүн импорттолуучу медициналык жабдуулардын, медициналык жабдууларга запас бөлүктөрдүн жана чыгымдалуучу материалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 802
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.11.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57967>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11844/edition/791528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57967.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-ноябрындагы №802 "Мамлекеттик каражаттардын эсебинен сатып алынуучу жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылануучу саламаттык сактоо уюмдары үчүн импорттолуучу медициналык жабдуулардын, медициналык жабдууларга запас бөлүктөрдүн жана чыгымдалуучу материалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (17.11.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57967

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 17-ноябры № 802

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Мамлекеттик каражаттардын эсебинен сатып алынуучу

жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен

каржылануучу саламаттык сактоо уюмдары үчүн

импорттолуучу медициналык жабдуулардын, медициналык

жабдууларга запас бөлүктөрдүн жана чыгымдалуучу

материалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө

"Медициналык жабдуулар, запастык бөлүктөр жана медициналык жабдуу-

ларга сарптоо материалдары менен камсыз кылууда саламаттык сактоо меке-

мелерин колдоо боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июлундагы № 504 токтомуна ылайык Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Мамлекеттик каражаттардын эсебинен сатып алынуучу жана Кыргыз Рес-

публикасынын республикалык бюджетинен каржылануучу саламаттык сактоо

уюмдары учун импорттолуучу медициналык жабдуулардын, медициналык жаб-

дууларга запас бөлүктөрдүн жана чыгымдалуучу материалдардын тизмеси бе-

китилсин.

2. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри Кыргыз

Республикасынын саламаттык сактоо министри жана Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы менен бирдикте он күндүк

мөөнөттө ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн медициналык жабдуулар-

ды, медициналык жабдууларга запас бөлүктөрдү жана чыгымдалуучу матери-

алдарды бажылык тариздөө тартибин иштеп чыксын.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
