Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін «2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Јкмјт Ійі
2006-жылдын 8-ноябры №770
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ
«2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган
Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо
тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
жөнүндө
Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун 16-
статьясына ылайык жана «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө»
жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Жарандардын өз ара
барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна
жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри мыйзам долбоору Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
МЫЙЗАМЫ
2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган
Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жјнүндө Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо
Тууралуу
1-статья. 2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Жарандардын
өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу ратификациялансын.
2-статья. Кыргаз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарабы
аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектіү мамлекет ичиндеги жол-
жоболорду аткарганы жөнүндө өзбек тарабына билдирсин.
3-статья. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,
эки бир тууган мамлекеттин ортосундагы мамилелерди андан ары терењдетүүгө
жана эки мамлекеттин жарандарынын ортосундагы карым-катнаштарды өнүктүрүүгө
умтулгандыктарын билдиришип,
Түбөлүк достук жөнүндө 1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен
Өзбекстан Республикасынын ортосундагы келишимдин жоболорун жетекчиликке алышып,
эки өлкөнүн жарандарынын өз ара барып-келүү тартибин жана шарттарын жөнгө
салуу максатында,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья
1. Бул Макулдашуунун № 1 жана № 2 тиркемелеринде белгиленген жарактуу
документтердин ээлери болуп саналган Тараптардын мамлекеттеринин жарандары
Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына 60 суткага чейин мөөнөткј визасыз
кирүүгө, чыгууга, транзит менен өтүүгө жана убактылуу болууга укуктуу.
2. Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына 60 суткадан ашык мөөнјткј кирүүгө
жана болууга ниеттери бар Тараптардын мамлекеттеринин жарандары Тараптардын
мамлекеттеринин мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипке ылайык визаларды
тариздешет.
2-статья
1. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан дипломатиялык
өкүлчүлүктөрүнүн жана -консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын
өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери болуп саналган жана жарактуу дипломатиялык
кызматтык жана улуттук паспортторго ээ болгон Тараптардын биринин мамлекетинин
жарандары өлкөнүн аймагына киргенден кийин аккредитацияны Тараптардын
мамлекеттеринин мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипке ылайык тариздешет жана
аккредитация мөөнөтүнүн ичинде визасыз болушат.
2. Бул статьянын 1-пунктунун жоболору аталган категориядагы жарандар экинчи
Тараптын мамлекетинин аймагында расмий түрдө болгон учурда алар менен кошо
жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө (күйөөсү/аялына жана бойго жете элек балдарына)
карата дагы таратылат.
3-статья
Тараптар эл аралык каттоолор үчін ачылган өткөрүү пункттары аркылуу жарактуу
жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык тиешелүү түрдө
таризделген, чегарадан өтүүгө укук берүүчү документтерге ээ болгон Тараптардын
мамлекеттеринин жарандарын үчүнчү өлкөлөргө өткөрүүгј милдеттенишет жана
Тараптардын компетенттүү органдары үчүнчі өлкөлөргө чыгууга тыюу салган
адамдардын үчүнчі өлкөлөргө чыгышын болтурбоого зарыл чараларды көрүшөт.
4-статья
Тараптар бири-бирине ушул Макулдашуунун жоболорун колдонуу чөйрјсү боюнча
маселелер, анын ичинде адамдын ким экендигин күбөлөндүргөн жана ээлеринин
жарандыгын тастыктаган колдонуудагы документтер, аларды берүү жана пайдалануу
тартибиндеги өзгөрүүлөр, Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында чет элдик
жарандардын болуу эрежелери, ошондой эле тиешелүү мыйзам актылары жјнүндө
маалымдап турушат.
Тараптар жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашуунун №1 жана
№ 2 тиркемелеринде белгиленген документтердин тизмелерине өзгјртүүлөрдү киргизүү
жөнүндө чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
Ошону менен бирге, жањы документтер киргизилсе же колдонуудагы документтерге
өзгјртүүлөр киргизилсе, Тараптар жогоруда аталган документтер же өзгөртүүлөр
күчүнө киргенге чейин 30 суткадан кеч эмес дипломатиялык каналдар аркылуу
алардын үлгүлөрүн алмашат.
5-статья
Тараптар бул Макулдашууга кол коюлгандан кийин ушул Макулдашуунун № 1 жана №
2 тиркемелеринде белгиленген документтердин үлгүлөрүн дипломатиялык каналдар
аркылуу алмашат.
6-статья
Визаларды берүү үчүн консулдук жыйымдардын тарифтик чендерин Тараптар ушул
Макулдашуунун № 3 тиркемесине ылайык өз ара шарттарда аныктайт.
7-статья
Тараптар өз ара шарттарда төмјнкү адамдарды визаларды берүү үчүн консулдук
жыйымдарды төлөөдјн бошотот:
Тараптардын ортосундагы келишимдерге ылайык илим, техника, билим берүү,
маданият, искусство жана спорт тармагындагы алмашуу иретинде бара жаткан
адамдарды;
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга тењделген адамдарды, 1
жана 2-топтордогу майыптарды - тиешелүү күбөлүктөрдү кјрсөткөн учурда;
16 жашка чейинки жана 60 жаштан өйдөкү жарандарды;
Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында жайгашкан билим берүү
мекемелеринде, курстарда билим алган адамдарды - чакырып жаткан билим берүү
мекемелеринин расмий өтүнүчтөрүнүн негизинде.
8-статья
Бул Макулдашуунун аракети тараган эки Тараптын тењ мамлекеттеринин жарандары
Тараптардын биринин мамлекетинин аймагана мамлекеттик чегарадан јткөрүү үчүн
белгиленген јткөрүү пункттары аркылуу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук
мыйзамдарына ылайык мамлекеттик чегарадан өтіүгө зарыл болгон жол-жоболорду
сактоо менен кирүүгө, чыгууга жана транзит менен өтүүгө укуктуу.
Мамлекеттик чегара аркылуу јткөрүі пункттарынын тизмелери өзүнчө макулдашуу
менен аныкталат.
9-статья
Тараптардын мамлекеттеринин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймаганда
болгон убакта бул Тараптын мамлекетинин мыйзамдарын жана эрежелерин сактоого
милдеттүү.
Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында кызматтык иштери боюнча болушкан
Тараптардын биринин мамлекетинин жарандарын бир жерге убактылуу каттоо жана
каттоодон өткөрүү Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан
ушул Макулдашуунун № 1 жана № 2 тиркемелеринде белгиленген документтердин,
ошондой эле кызматтык жана ишсапар күбөлүктөрүнүн негизинде пошлиналарды жана
жыйымдарды алуусуз ишке ашырылат.
Бул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында болуусу жагымсыз деп
саналган экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарын киргизүүдөн баш тартуу же
алардын болуу убактысын чектөө укугуна таасирин тийгизбейт.
10-статья
Мамлекеттик чегаранын атайын бөлүнгөн участкасында Тараптардын мамлекеттери
тарабынан жүктјлгөн кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан Тараптардын биринин
мамлекетинин аскер кызматкерлеринин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагы боюнча
кирүү, транзит менен өтіү жана чыгуу тартибин Тараптардын компетенттүү органдары
ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган атайын протоколдун негизинде
аныкташат.
Тараптардын компетенттүү органдары дипломатиялык каналдар аркылуу ноталарды
алмашуу жолу менен аныкталат.
11-статья
Өзгөчө учурларда (улуттук коопсуздукка, коомдук тартипке же жарандардын ден
соолугуна коркунуч туудурулса, анын ичинде өзгөчө шарттарда ж. б.) Тараптар бул
Макулдашуунун же анын айрым-бйр жоболорунун колдонулушун убактылуу токтотуу
укугун өз аркасында сактайт.
Бул учурда кызыкдар Тарап экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарын өз
мамлекетинин аймагына визасыз киргизүүгј, чыгарууга, убактылуу болтурууга жана
транзит менен өткөрүүгө тиешелүү чектөөлөрдү коюшу мүмкүн, ал бул тууралуу
жогоруда аталган чектөөлөр кічүнө киргенге чейин 72 саат мурун дипломатиялык
каналдар аркылуу билдирет.
12-статья
Бул Макулдашууну колдонуунун натыйжасында келип чыккан маселелерди Тараптар
кењешмелерди жана сійлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечишет.
13-статья
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана
толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп
саналган жана Макулдашуунун 16-статьясында белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү
атайын Протоколдор менен таризделет.
14-статья
Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасы катышуучу
болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарына
жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
15-статья
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмјтүнүн
ортосундагы Жарандардын јз ара барып-келүүлөрү жөнүндө 2000-жылдын 2-июлундагы
макулдашуу бул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып өз күчүн жоготот.
16-статья
Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички
жолжоболорду Тараптар аткаргандыгы жөніндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү
алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптардын бири бул Макулдашуунун
колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тараптын расмий билдирүүсүн алган
күндөн тартып 90 күн өткөнгө чейин колдонулат.
Ташкент шаарында 2006-жылдын 3 октябрында эки түп нускада, ар бири кыргыз,
өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун талкуулоо максатында орус тилиндеги текст
пайдаланылат.
Кыргыз Республнкасынын Өзбекстан Республнкасынын
Өкмөтү үчүн ¦ Өкмјтү үчүн
Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн
ортосундагы макулдашууга
№ 1 ТИРКЕМЕ
Өзбекстан Республикасынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен
јтүі, жіріү жана убактылуу болуу үчүн Кыргыз Республикасынын
жарандарынын документтеринин
ТИЗМЕСИ
1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык паспорту;
2. Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту;
3. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту;
4. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;
5. төрөлгөњдүгү жөнүндө күбөлүк (фотосүрөтү жана ээси жјнүндө маалыматтар
бар вкладыш болгон учурда);
6. Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүк.
Эскертіү;
Кыргыз Республикасынын жарандарынын 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторунун
ээлери болгон Кыргыз Республикасынын жарандары чегара аркылуу чет өлкөгө чыгуу
баракчасын милдеттүү түрдј толтуруусуз өтүшөт.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылкы үлгідөгү паспортторунун
(пластикалык ID-карталардын) ээлери болгон Кыргыз Республикасынын жарандары
чегара аркылуу мамлекеттик чегарадан өткјндүгү жөніндө белгилерди коюу үчүн
вкладыш (дата-штамп) болгон учурда өтүшөт.
Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн
ортосундагы макулдашууга
№ 2 ТИРКЕМЕ
Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен
өтүү, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн Өзбекстан
Республикасынын жарандарынын документтеринин
ТИЗМЕСИ
1. Өзбекстан Республикасынын дипломатиялык паспорту;
2. Өзбекстан Республикасынын жаранынын паспорту;
3. Өзбекстан Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынын күбөлүгү;
4. төрјлгөндүгү жөнүндө күбөлүк (фотосүрөтү жана ээси жөнүндө маалыматтар
бар вкладыш болгон учурда);
5. Өзбекстан Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүк.
Эскертуу:
Өзбекстан Республикасынын 16 жашка чейинки бойго жете элек жарандары чегара
аркылуу Өзбекстан Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынын күбөлүктјрү же
белгиленген тартипте бойго жете элек жарандар жјнүндө маалыматтар киргизилген
ата-знелеринин же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору, же болбосо,
төрөлгөндүгү жөнүндј күбөлүк боюнча өтүшөт.
Өзбекстан Республикасынын 16 жаштан 18 жашка чейинки курактагы жана
колдорунда Өзбекстан Республикасынын жаранынын паспорттору бар болгон жарандары
өлкөнүн аймагынан өз алдынча, ээрчитип жүргөн адамдарсыз чыгууга укуктуу.
Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндј
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтінүн
ортосундагы макулдашууга
№З ТИРКЕМЕ
Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын
жарандарына визаларды даярдоо үчүн консулдук жыйымдардын
тарифтик чендери
Алты айга чейин -10 АКШ доллары;
Бир жылга чейин - 20 АКШ доллары;
Визаларды узартуу үчүн жыйымдар визаларды даярдоо үчүн ,
алынган чендер боюнча алынат.
Эскертүү:
Визаларды даярдоодо консулдук жыйымдарды алуу менен катар Тараптардын
мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык накталай чыгымдардын ордун толтуруунун
эсебине айрым-бир суммалар дагы алынышы мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон