# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 768 " Кытай Эл Республикасынын грантынын линиясы боюнча келүүчү 70 млн. юань суммасындагы айыл чарба техникаларын жайгаштыруунун тартиби жана берүүнүн шарттары жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 768 " Кытай Эл Республикасынын грантынын линиясы боюнча келүүчү 70 млн. юань суммасындагы айыл чарба техникаларын жайгаштыруунун тартиби жана берүүнүн шарттары жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 768
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57931>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11812/edition/381530/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57931.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 768 " Кытай Эл Республикасынын грантынын линиясы боюнча келүүчү 70 млн. юань суммасындагы айыл чарба техникаларын жайгаштыруунун тартиби жана берүүнүн шарттары жөнүндө"токтому (02.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57931

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 8-ноябры № 768

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кытай Эл Республикасынын грантынын линиясы боюнча

келүүчү 70 млн. юань суммасындагы айыл чарба техникаларын

жайгаштыруунун тартиби жана берүүнүн шарттары жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги № 130,

2011-жылдын 2-августундагы №440 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо, ошондой эле Кытай Эл Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн грантынын линиясы боюнча сатып алынган айыл чарба

техникаларын өз убагында бөлүштүрүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын 70 млн. юань сум-

масындагы каражатына сатып алынган айыл чарба техникаларын республика-

нын облустары боюнча бөлүштүрүү N 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

N 1 тиркеме орусча редакцияда берилген

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары:

- товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн "Мамлекет тарабынан товардык жана финансылык жардам катарында

алынган же тартылган мамлекеттик кредиттердин эсебинен салып алынган

минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар, өсүмдүктөрдү

коргоо каражаттары жана башка материалдык-техникалык ресурстар түрүндө

товардык кредиттерди берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү

жобону бекитүү тууралуу" 2000-жылдын 15-ноябрындагы N 670 токтому менен

бекитилген Типтүү жобого бекем ылайык айыл чарба техникаларын алуучу-

ларды аныкташсын;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин

Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна кредиттик-күрөөлүк доку-

менттерди тариздөө үчүн протоколдук чечимдерди беришсин.

3. Кубаттуулугу 50 ат күчүнөн ашык тракторлорду алууга артыкчылык-

туу укук тракторлорду сатуу наркынын 50 процентине чейинки өлчөмүндө

баштапкы взносторду атайын депозиттик эсепке которушун гарантиялоочу

укуктук статусуна карабастан төлөөгө жөндөмдүү агротехникалык сервистик

борборлорго, айыл чарба кооперативдерине жана үрөнчүлүк чарбаларына,

ошондой эле айылдардагы башка чарбакер субъекттерге бериле тургандыгы

белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Рес-

публикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

менен бирдикте Алмашуу каттарына кол коюу датасына карата эки өлкөнүн

улуттук валютасынын орточо алмашуу курсуна ылайык айыл чарба техникала-

рынын баасын бекитсин;

- айыл чарба техникаларын кийинки сатып алуу үчүн Кытай Эл Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн грантынын кайтарылуучу каражаттарын топтоо макса-

тында атайын депозиттик эсеп ачсын.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин

Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жогоруда көрсөтүлгөн техни-

каларды N 2 тиркемеге ылайык шарттарда бөлсүн.

6. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы айыл чарба техникаларын

товардык кредит катарында алышкан айылдык товар өндүрүүчүлөргө аларды

кийин сатуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын линиясы

боюнча келген айыл чарба техникаларына запастык бөлүктөрдү жооптуу сак-

тоочу болуп аныкталсын.

7. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы:

- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги менен бирдикте айыл чарба техникасын алышкан чарбакер

субъекттерге аларды кийин сунуштоо үчүн айыл чарба техникаларына запас-

тык бөлүктөрдүн тизмесин бир жумалык мөөнөттө аныктасын;

- Алмашуу каттарына кол коюу датасына карата эки өлкөнүн улуттук

валютасынын орточо алмашуу курсуна ылайык айыл чарба техникаларына за-

пастык бөлүктөрдү сатуу наркын аныктасын жана Кыргыз Республикасынын

Экономика жана финансы министрлигине бекитүүгө берсин;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин

Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен айыл чарба техникала-

рына запастык бөлүктөрдүн сакталышы үчүн жоопкерчиликти, аларга муктаж

субъекттерге кийин сатуу тартибин жана укугун кароочу Макулдашууну та-

риздесин.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-

пекциясы айылдык товар өндүрүүчүлөргө бул айыл чарба техникалары берил-

ген учурдан тартып бажы төлөмдөрүнүн шарттуу эсептелген суммасын төлөө

боюнча милдеттенмени токтотулду деп эсептесин.

9. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-

тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине Кыргыз Республикасынын Айыл,

суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте 20

проценттик рентабелдүүлүктү эске алуу менен агротехникалык сервистик

кызматтар тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөргө көрсөтүлүүчү кызмат-

тардын наркын бир айлык мөөнөттө аныктоо сунуш кылынсын.

10. Агротехникалык сервистик борборлорго жана башка жогоруда

көрсөтүлгөн айыл чарба техникаларын алуучуларга ушул токтомдун 9-пунк-

туна ылайык белгиленген баалардын өлчөмүнөн ашпаган наркта калкка агро-

техникалык сервистик кызматтарды көрсөтүү сунушталсын.

11. Келген айыл чарба техникаларын жайгаштырууга, аны бажылык та-

риздөөгө, түшүрүүгө жана монтаждоого, сактоого байланышкан "Кыргызре-

сурстары" мамлекеттик ишканасынын чыгымдары жана башка ички чыгымдар

ушул токтомго N 2 тиркемеде көрсөтүлгөн баштапкы взносторунун каражат-

тарынын эсебинен жабыла тургандыгы белгиленсин.

N 2 тиркеме орусча редакцияда берилген

12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иште-

түүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов
