# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы №758 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 25 «Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планын бекитүү жонүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы №758 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 25 «Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планын бекитүү жонүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 758
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57920>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11803/edition/753681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57920.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы №758 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 25 «Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планын бекитүү жонүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтом (28.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57920

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Јкмјт Ійі

2006-жылдын 31-октябры №758

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын

16-январындагы № 25 «Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна

каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук

планын бекитүү жонүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралуу

Республикабыздын аймактарына өзгөчө коркунучтуу инфекциалардын

киришине жана таралышына жол бербөө, ошондой эле жогорку патогендүү

канаттуулар тумоосунун пандемиясынын таралыш мүмкүнчүлүгүнө каршы өз

убагында чара көруү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 25

«Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз

Республикасынын улуттук планын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген

Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз

Республикасынын улуттук планына төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- кириш сез төмендөгүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:

«10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү

коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик:

жапайы келгин канаттуулардын жазгы жана күзгү миграциясынын учурунда

жапайы келгин канаттуулардын топтолушуна жана миграциясына такай

мониторинг жүргүзөт;

Кыргыз Республикасынын аймагында канаттуулар тумоосу пайда болуу

коркунучу жаралганда же тумоо чыкканда лабораториялык изилдөө жүргүзүү

үчүн канаттууларды кармоону, атууну жана өлгөн канаттууларды жыйноону

камсыздайт.»;

- 10-пункт 11- пункт болуп саналсын;

- I бөлүккө төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 4.2 жана 5.2 - пунктчалары төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен

толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо

жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү.»;

- 6.1 - пунктчасы төмөнкүдөй он биринчи абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо

жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин 1 эксперти».

Премьер-министр Ф.Кулов
