# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы №757 "Жалалабат облусунун Токтогул районунун калкын колдоо боюнча айрым чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 11-сентябрындагы № 520 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы №757 "Жалалабат облусунун Токтогул районунун калкын колдоо боюнча айрым чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 11-сентябрындагы № 520 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 757
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57919>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11802/edition/326934/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57919.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы №757 "Жалалабат облусунун Токтогул районунун калкын колдоо боюнча айрым чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 11-сентябрындагы № 520 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57919

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 31-октябры № 757

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Жалалабат облусунун Токтогул районунун

калкын колдоо боюнча айрым чаралар жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын

11-сентябрындагы № 520 токтомуна толуктоолорду

киргизүү тууралуу

"Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун аймагында Токтогул ГЭ-

Син жана суу сактагыч куруудан келтирилген зыяндарды компенсациялоо

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын

24-февралындагы № 64 Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Жалалабат облусунун Токтогул районунун калкын колдоо боюнча

айрым чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын

11-сентябрындагы № 520 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- аталышы, 1 жана 3-пункттары "Токтогул району" деген сөздөрдөн

кийин тийиштүү жөндөмөлөрдө "жана Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылы" де-

ген сөздөр менен толукталсын:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалалабат облусунун

Токтогул районундагы суу чарба объектилерин каржылоо боюнча Кыргыз Рес-

публикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин

атайын фонду жөнүндө жободо:

- аталышы жана 12-пункт "Токтогул району" деген сөздөрдөн кийин

"жана Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылы" деген сөздөр менен толукталсын;

- 10-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика

боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Моно-

полияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агент-

тиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.

- бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги"

деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Экономика

жана финансы министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 12-пункттун биринчи абзацы "объектилер" деген сөздөрдөн кийин

"өндүрүш имараттары жана курулмалар, жерди өздөштүрүү жана жакшыртуу"

деген сөздөр менен толукталсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
