# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы №756 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы №756 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 756
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57918>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11801/edition/454235/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57918.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы №756 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому (14.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57918

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 31-октябры № 756 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2013-жылдын 14-июнундагы № 354 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын "Курал жөнүндө" Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежеси бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-июнундагы № 354 токтомунун редакциясына ылайык)

2. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-июнундагы № 354 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)

Премьер-министри

Ф.Кулов
