# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 754 "Кыргыз Республикасында четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары жактарда ишке орноштуруу менен байланышкан ишмердик жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү документтерди бергендиги үчүн баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 754 "Кыргыз Республикасында четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары жактарда ишке орноштуруу менен байланышкан ишмердик жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү документтерди бергендиги үчүн баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 754
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57916>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11799/edition/326930/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57916.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 754 "Кыргыз Республикасында четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары жактарда ишке орноштуруу менен байланышкан ишмердик жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү документтерди бергендиги үчүн баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө" (31.10.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57916

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 31-октябры № 754

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасына четөлкөлүк жумушчу күчүн

тартуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын анын

чегинен тышкары жактарда ишке орноштуруу менен

байланышкан ишмердик жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү

документтерди бергендиги үчүн баалардын прейскурантын

бекитүү жөнүндө

Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана Кыргыз Республикасынын жаран-

дарын анын чегинен тышкары жактарда ишке орноштуруу боюнча Кыргыз Рес-

публикасынын мамлекеттик саясатын жүргүзүү, ошондой эле бош жумуш орун-

дарын ээлөөгө Кыргыз Республикасынын жарандарына артыкчылыктуу укуктар-

ды камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция

жөнүндө" Мыйзамынын 6-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасына четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана Кыр-

гыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары жактарда жумушка

орноштуруу менен байланышкан ишмердик жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү

документтерди бергендиги үчүн баалардын тиркелген прейскуранты бекитил-

син.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз

Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине жүктөлсүн.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 31-октябрындагы

№ 754 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасына четөлкөлүк жумушчу күчүн

тартуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын анын

чегинен тышкары жактарда ишке орноштуруу менен

байланышкан ишмердик жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү

документтерди бергендиги үчүн баалардын

ПРЕЙСКУРАНТЫ

| № | Ишмердик түрү | Алуу мезгилдүүлүгү | Баасы (сом) | ЕвроАзЭСке катышкан |
| --- | --- | --- | --- | --- |
|  |  |  |  | мамлекеттердин Кыргыз |
|  |  |  |  | Республикасы менен |
|  |  |  |  | эмгектик миграция |
|  |  |  |  | чөйрөсүндө өз ара |
|  |  |  |  | преференцияларды |
|  |  |  |  | берүү жөнүндө эки |
|  |  |  |  | тараптуу же көп |
|  |  |  |  | тараптуу макулдашуусу |
|  |  |  |  | бар жарандары үчүн |
|  |  |  |  | (сом) |
| 1 | Чет өлкөлүк | Жылына 1 жолу | 4000 | 4000 |
|  | жумушчу күчүн |  |  |  |
|  | тартууга |  |  |  |
|  | уруксат |  |  |  |
|  | берүү |  |  |  |
| 2 | Жумушка | Жылына 1 жолу | 2000 | 1000 |
|  | уруксат берүү |  |  |  |
| 3 | Жекече эмгек | Жылына 1 жолу | 20000 | 1000 |
|  | ишмердигин |  |  |  |
|  | жүргүзгөн |  |  |  |
|  | адамдар үчүн |  |  |  |
|  | жумушка |  |  |  |
|  | уруксат берүү |  |  |  |
| 4 | Кыргыз | Жылына 1 жолу | 4000 | 4000 |
|  | Республикасы- |  |  |  |
|  | нын |  |  |  |
|  | жарандарына |  |  |  |
|  | анын чегинен |  |  |  |
|  | тышкары |  |  |  |
|  | жумушка |  |  |  |
|  | орношуу |  |  |  |
|  | укугуна |  |  |  |
|  | уруксат берүү |  |  |  |
