Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасында четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары жактарда ишке орноштуруу менен байланышкан ишмердик жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү документтерди бергендиги үчүн баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 31-октябры № 754
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасына четөлкөлүк жумушчу күчүн
тартуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын анын
чегинен тышкары жактарда ишке орноштуруу менен
байланышкан ишмердик жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү
документтерди бергендиги үчүн баалардын прейскурантын
бекитүү жөнүндө
Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана Кыргыз Республикасынын жаран-
дарын анын чегинен тышкары жактарда ишке орноштуруу боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын мамлекеттик саясатын жүргүзүү, ошондой эле бош жумуш орун-
дарын ээлөөгө Кыргыз Республикасынын жарандарына артыкчылыктуу укуктар-
ды камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция
жөнүндө" Мыйзамынын 6-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасына четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана Кыр-
гыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары жактарда жумушка
орноштуруу менен байланышкан ишмердик жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү
документтерди бергендиги үчүн баалардын тиркелген прейскуранты бекитил-
син.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз
Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине жүктөлсүн.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 31-октябрындагы
№ 754 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасына четөлкөлүк жумушчу күчүн
тартуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын анын
чегинен тышкары жактарда ишке орноштуруу менен
байланышкан ишмердик жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү
документтерди бергендиги үчүн баалардын
ПРЕЙСКУРАНТЫ
| № | Ишмердик түрү | Алуу мезгилдүүлүгү | Баасы (сом) | ЕвроАзЭСке катышкан |
| мамлекеттердин Кыргыз | ||||
| Республикасы менен | ||||
| эмгектик миграция | ||||
| чөйрөсүндө өз ара | ||||
| преференцияларды | ||||
| берүү жөнүндө эки | ||||
| тараптуу же көп | ||||
| тараптуу макулдашуусу | ||||
| бар жарандары үчүн | ||||
| (сом) | ||||
| 1 | Чет өлкөлүк | Жылына 1 жолу | 4000 | 4000 |
| жумушчу күчүн | ||||
| тартууга | ||||
| уруксат | ||||
| берүү | ||||
| 2 | Жумушка | Жылына 1 жолу | 2000 | 1000 |
| уруксат берүү | ||||
| 3 | Жекече эмгек | Жылына 1 жолу | 20000 | 1000 |
| ишмердигин | ||||
| жүргүзгөн | ||||
| адамдар үчүн | ||||
| жумушка | ||||
| уруксат берүү | ||||
| 4 | Кыргыз | Жылына 1 жолу | 4000 | 4000 |
| Республикасы- | ||||
| нын | ||||
| жарандарына | ||||
| анын чегинен | ||||
| тышкары | ||||
| жумушка | ||||
| орношуу | ||||
| укугуна | ||||
| уруксат берүү |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Тышкы эмгек миграциясы жөнүндөЗакон · 13.01.2006 · № 4