# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 753 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ташмойнок айыл өкмөтүнүн жерлеринен эс алуу зонасын куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 753 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ташмойнок айыл өкмөтүнүн жерлеринен эс алуу зонасын куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 753
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57915>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11798/edition/326929/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57915.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 753 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ташмойнок айыл өкмөтүнүн жерлеринен эс алуу зонасын куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө"токтому (31.10.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57915

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 31-октябры № 753

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн

районунун Ташмойнок айыл өкмөтүнүн жерлеринен

эс алуу зонасын куруу үчүн жер участогун

берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 90 жана 92-статьяларына ыла-

йык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-

сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык

комиссия менен макулдашылган, эс алуу зонасын куруу үчүн Кыргыз Респуб-

ликасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ташмойнок айыл өкмөтүнүн

суу фондунун жерлерине таандык жайыттарынан "Аламүдүн" капчыгайындагы

аянты 0,28 га жер участкасын 49 жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдала-

нууга Н.Кулмурзаевге берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:

- берилген участкага Н.Кулмурзаев тарабынан экологиялык экспертиза

жүргүзүүнү жана "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес керектөөлөр

үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ор-

дун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 токтому

менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуу-

ларынын ордун толтуруунун наркынын жана алынбай калган пайданын ордун

төлөшүн камсыздасын;

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-

тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри Ф.Кулов
