Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006 -жылдын 31-октябрындагы №752 « Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн „Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жайлык үлгүлөрдү патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттоо, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 3 октября 2016 года № 523 "Об утверждении Положения о пошлинах за патентование изобретений, полезных моделей, промышленных образцов, селекционных достижений, регистрацию товарных знаков, знаков обслуживания, наименований мест происхождения товаров, предоставление права пользования наименованиями мест происхождения товаров и регистрацию патентных поверенных"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-10-03.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 31-октябры № 752
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ойлоп
табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жайлык
үлгүлөрдү патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө
белгилерин жана товарлар чыгарылган жерлердин
аталыштарын каттоо, товарлар чыгарылган жерлердин
аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" 1998-жылдын
12-июнундагы № 346 токтомуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ойлоп табууларды, пайдалуу
моделдерди, өнөр жайлык үлгүлөрдү патенттөө, товардык белгилерди,
тейлөө белгилерин жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын кат-
тоо, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун берүү
үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" 1998-жылдын 12-июнундагы
№ 346 токтому менен бекитилген Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди,
өнөр жайлык үлгүлөрдү патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин
жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттоо, товарлар чыга-
рылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар
жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- "Жалпы жоболор" деген I бөлүмдө:
3 жана 4-пункттарында:
- ", өз атына коргоо документин суроочу" деген сөздөр алып салын-
сын;
- "ушул Жобо менен" деген сөздөр "ушул Жобонун II бөлүмү менен"
деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Ойлоп табууга же пайдалуу моделге патент суроочу чакан ишкана-
лар (ишканалардын типтеринин классификаторунун негизги схемасы боюнча),
алардын турган жерине карабастан, ушул Жобонун II бөлүмүндө белгиленген
алымдардын өлчөмүнүн 30%ын түзгөн өлчөмдөгү алымдарды төлөшөт. Кезекте-
ги алымды төлөө менен бирге чакан ишканалар кызматкерлердин саны жана
жүгүртүү көлөмү жөнүндө маалымкат беришет.";
7-пункттагы "ушул Жобо менен каралган алымдарды төлөө боюнча
жењилдиктер" деген сөздөр "ушул Жобонун 3, 4, 5-пункттары жана 8-пунк-
ттун б) пунктчасы менен каралган алымдарды төлөө боюнча жењилдиктер"
деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пункттун төртүнчү абзацы жана 9-пункт күчүн жоготту деп табыл-
сын;
10-пункттагы "жењилдик тарифи" деген сөздөр "жењилдиктер" деген
сөз менен алмаштырылсын;
11-пунктта:
- биринчи абзацтагы "илимге жана" деген сөз алып салынсын;
- экинчи абзацтагы "төлөөнү" деген сөз "төлөө" деген сөз менен ал-
маштырылсын.
- "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, товарлар чыгарылган жер-
лердин аталыштары" деген III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 5.1-пункт ме-
нен толукталсын:
"
| 5.1. | Баштапкы өтүнмөдө саналып өткөн ушундай товарлардын | 100 |
| жана/же тейлөө кызматтарынын ортосунда бөлүштүрүү | ||
| жолу менен өтүнмөлөрдү бөлүү боюнча товардык белги | ||
| алууга берилген өтүнмөнүн материалдарына өтүнүүчүнүн | ||
| демилгеси боюнча оњдоолорду киргизүү |
Ар бир бөлүнгөн өтүнмө боюнча өтүнмөнү бөлүштүрүүдө аны берүүгө,
алдын ала экспертиза жүргүзүүгө, өтүнмөдө берилген белгилерди эксперти-
залоого алым төлөнөт.
Өтүнмөнү бөлүү, бөлүнгөн өтүнмөлөрдү берүү, алдын ала экпертиза
жүргүзүү, өтүнмөдө берилген белгилерди экспертизалоо үчүн алым
төлөгөнүн ырастоочу документ оњдоолору менен бирге берилет.
Белгиленген өлчөмдөгү алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берил-
беген учурда, өтүнмөнү бөлүү жүргүзүлбөйт.".
2. Бул токтом жалпыга маалыматтоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө…Постановление · 03.10.2016 · № 523
- Положение о пошлинах за патентование изобретений, полезных моделей, промышленных образцов, регистрацию товарных знаков, знаков обслуживания, наименований мест происхождения…Положение · 12.06.1998 · № 346 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуПостановление · 03.10.2016 · № 523
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө…Постановление · 03.10.2016 · № 523
- Постановление Правительства КР от 12 июня 1998 года №346 "Об утверждении Положения о пошлинах за патентование изобретений, полезных моделей, промышленных образцов, регистрацию…Постановление · 12.06.1998 · № 346 · Күчүн жоготкон