# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы №749 «24-мартты улуттук майрамдоо күнүнүн 1 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 15 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жеткире иштелип чыккан долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы №749 «24-мартты улуттук майрамдоо күнүнүн 1 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 15 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жеткире иштелип чыккан долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 749
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57912>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11795/edition/1291533/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57912.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы №749 «24-мартты улуттук майрамдоо күнүнүн 1 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 15 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жеткире иштелип чыккан долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57912

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 31-октябры №749

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«24-мартты улуттук майрамдоо күнүнүн 1 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 15 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жеткире иштелип чыккан долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык «Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 15 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2006-жылдын 19-октябрындагы № 1331- III токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. «24-мартты улуттук майрамдоо күнүнүн 1 жылдыгына жана Кыргыз

Республикасынын эгемендигинин 15 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жеткире иштелип чыккан долбооруна макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана маалыматтык саясат боюнча комитети жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, соттук-укуктук реформа жана адам укуктары боюнча комитети менен бул мыйзам долбоорун биротоло жеткире иштеп чыгууда мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолорду колдосун.

3. Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

кароосуна жиберилсин.

4. Кыргыз Республикасынын юстиция министри бул мыйзам долбоорун

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүњүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр Ф. Кулов
