# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-октябрындагы №748 «Бактуу-Долоноту» жаштардын өкмөттүк эмес коомдук бирикмесине (ЖӨЭКБ) Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айылдык кеңешинин жерлеринен туристтик комплекс курууга жер участогун берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-октябрындагы №748 «Бактуу-Долоноту» жаштардын өкмөттүк эмес коомдук бирикмесине (ЖӨЭКБ) Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айылдык кеңешинин жерлеринен туристтик комплекс курууга жер участогун берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 748
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57910>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11794/edition/326923/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57910.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-октябрындагы №748 «Бактуу-Долоноту» жаштардын өкмөттүк эмес коомдук бирикмесине (ЖӨЭКБ) Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айылдык кеңешинин жерлеринен туристтик комплекс курууга жер участогун берүү жөнүндө" токтому (25.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57910

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 148 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-октябры №748

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Бактуу-Долоноту» жаштардын өкмөттүк эмес коомдук

бирикмесине (ЖӨЭКБ) Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун

Ысыккөл районундагы Бостери айылдык кењешинин жерлеринен

туристтик комплекс курууга жер участогун берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында туристтик тармакты өнүктүрүү максатында,

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайк Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик

администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча

республикалык комиссия менен макулдашылган, туристтик комплексин куруу

үчүн Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы

Бостери айылдык кењешинин аянты 11,7 га жер участкасын 49 жылдык

мөөнөт менен убактылуу пайдалањууга «Бактуу-Долоноту» жаштардын

өкмөттүк эмес коомдук бирикмесине (ЖӨЭКБ) берүү жөнүндө сунушу кабыл

алынсын.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер «Айыл чарба багытындагы

жерлер» категориясынан «Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар»

категориясына которулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик

администрациясы:

- берилген участкага «Бактуу-Долоноту» жаштардын өкмөттүк эмес

коомдук бирикмесинин тарабынан экологиялык экспертиза жүргүзүүнү жана

«Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн алып коюуга

байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун

наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүњдө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому

менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн

жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын жана алынбай калган пайданын

ордун төлөшүн камсыздасын;

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү

киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра

иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
