Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бактуу-Долоноту» жаштардын өкмөттүк эмес коомдук бирикмесине (ЖӨЭКБ) Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айылдык кеңешинин жерлеринен туристтик комплекс курууга жер участогун берүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2025 года № 148 "О признании утратившим силу постановление Правительства Кыргызской Республики «О предоставлении земельного участка Молодежному неправительственному общественному объединению (МНПОО) «Бактуу-Долоноту» для строительства туристического комплекса из земель Бостеринского аильного кенеша Иссык-Кульского района Иссык-Кульской области Кыргызской Республики» от 28 октября 2006 года № 748"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 148 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-октябры №748
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Бактуу-Долоноту» жаштардын өкмөттүк эмес коомдук
бирикмесине (ЖӨЭКБ) Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун
Ысыккөл районундагы Бостери айылдык кењешинин жерлеринен
туристтик комплекс курууга жер участогун берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында туристтик тармакты өнүктүрүү максатында,
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайк Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик
администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча
республикалык комиссия менен макулдашылган, туристтик комплексин куруу
үчүн Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы
Бостери айылдык кењешинин аянты 11,7 га жер участкасын 49 жылдык
мөөнөт менен убактылуу пайдалањууга «Бактуу-Долоноту» жаштардын
өкмөттүк эмес коомдук бирикмесине (ЖӨЭКБ) берүү жөнүндө сунушу кабыл
алынсын.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер «Айыл чарба багытындагы
жерлер» категориясынан «Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар»
категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик
администрациясы:
- берилген участкага «Бактуу-Долоноту» жаштардын өкмөттүк эмес
коомдук бирикмесинин тарабынан экологиялык экспертиза жүргүзүүнү жана
«Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн алып коюуга
байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун
наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүњдө» Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому
менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн
жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын жана алынбай калган пайданын
ордун төлөшүн камсыздасын;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү
киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра
иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 025-жылдын 25-мартындагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-октябрындагы № 748 “Бактуу-Долоноту” жаштардын…Постановление · 25.03.2025 · № 148
- Постановление Правительства КР от 14 февраля 1998 года №66 "Об утверждении Временных нормативов стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с…Постановление · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон