# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине кызматтык автотранспорттун лимитин белгилөө жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине кызматтык автотранспорттун лимитин белгилөө жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 747
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57907>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11792/edition/388335/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57907.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине кызматтык автотранспорттун лимитин белгилөө жөнүндө"токтому (30.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57907

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 23-октябры № 747

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине кызматтык

автотранспорттун лимитин белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин башкаруу

органдарынын, бирикмелеринин, аскердик бөлүктөрүнүн жана

мекемелеринин аскердик жана мобилизациялык даярдыгын жогорулатуу,

ошондой эле аскерлерди бардык тараптан камсыз кылуу боюнча

маселелерди натыйжалуу чечүү жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу

Күчтөрүнө жарандарды анык жана альтернативалык (аскерден сырткары)

кызматка чакыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине кызматтык

автотранспорттун лимити төмөнкүдөй белгиленсин:

2006-жылга бардыгы - 180 бирдик, анын ичинде:

- борбордук аппарат - 19 бирдик;

- бирикмелер, аскердик бөлүктөр жана мекемелер - 104 бирдик;

- аскер комиссариаты - 57 бирдик;

2007-жылдан тартып бардыгы — 261 бирдик, анын ичинде:

- борбордук аппарат - 23 бирдик;

- бирикмелер, аскердик бөлүктөр жана мекемелер - 124 бирдик;

- аскер комиссариаты - 114 бирдик.

2. «Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту

пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618

токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтомго № I тиркеменин «Кыргыз Республикасынын

Коргоо министрлиги» деген бөлүмү, анын ичинде 10 жана 11 -

пункттары алып салынсын;

- 12 — 198-пункттары тиешелүү түрдө 10 - 196-пункттар деп

эсептелсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип

иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
