Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине кызматтык автотранспорттун лимитин белгилөө жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 декабря 2011 года №767 "О мерах по экономии средств государственного бюджета за счет сокращения служебного и дежурного автотранспорта государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-12-30.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 23-октябры № 747
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине кызматтык
автотранспорттун лимитин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин башкаруу
органдарынын, бирикмелеринин, аскердик бөлүктөрүнүн жана
мекемелеринин аскердик жана мобилизациялык даярдыгын жогорулатуу,
ошондой эле аскерлерди бардык тараптан камсыз кылуу боюнча
маселелерди натыйжалуу чечүү жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу
Күчтөрүнө жарандарды анык жана альтернативалык (аскерден сырткары)
кызматка чакыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине кызматтык
автотранспорттун лимити төмөнкүдөй белгиленсин:
2006-жылга бардыгы - 180 бирдик, анын ичинде:
- борбордук аппарат - 19 бирдик;
- бирикмелер, аскердик бөлүктөр жана мекемелер - 104 бирдик;
- аскер комиссариаты - 57 бирдик;
2007-жылдан тартып бардыгы — 261 бирдик, анын ичинде:
- борбордук аппарат - 23 бирдик;
- бирикмелер, аскердик бөлүктөр жана мекемелер - 124 бирдик;
- аскер комиссариаты - 114 бирдик.
2. «Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту
пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтомго № I тиркеменин «Кыргыз Республикасынын
Коргоо министрлиги» деген бөлүмү, анын ичинде 10 жана 11 -
пункттары алып салынсын;
- 12 — 198-пункттары тиешелүү түрдө 10 - 196-пункттар деп
эсептелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип
иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар…Постановление · 17.08.2004 · № 618 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар…Постановление · 17.08.2004 · № 618 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.