# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы №746 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы №746 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 746
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57906>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11791/edition/388439/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57906.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы №746 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (22.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57906

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы №475 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 23-октябры № 746

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун

жана жоюунун бирдиктүү мамлекеттик

тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан калкты

жана аймактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу

үчүн, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мамле-

кеттик тутумун өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-

том кылат:

1. Тиркелгендер: Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун

бирдиктүү мамлекеттик тутуму жөнүндө жобо жана өзгөчө кырдаалдардын ал-

дын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мамлекеттик тутумунун функциялык ту-

тумчаларынын тизмеси бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калкты жа-

на аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо тармагындагы функцияларды 3

айлык мөөнөттүн ичинде макулдашсын жана министрликтердин, мамлекеттик

комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекет-

тик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-

нын арасында бөлүштүрсүн.

3. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мам-

лекеттик тутумуна кирген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, адми-

нистрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жа-

на жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 3 айлык мөөнөттүн ичинде

функциялык тутумчалар жөнүндө жоболорду иштеп чыгышсын жана аныкталган

тартипте бекитишсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-

юнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 23-октябрындагы

№ 746 токтому менен

бекитилген

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун

мамлекеттик бирдиктүү функциялык тутумчаларынын

ТИЗМЕСИ

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

Коомдук тартипти коргоо боюнча функциялык тутумча.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Функциялык тутумчалары:

- өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө жана болжолдоо;

- опурталдуу гидрометеорологиялык кубулуштарды байкоого алуу, баа

берүү жана болжолдоо;

- өрттүн алдын алуу жана өчүрүү;

- Кыргыз Республикасынын аймактарындагы потенциалдуу опурталдуу

объекттердеги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу;

- өзгөчө кырдаал зонасында адамдарды издөө жана сактоо боюнча ишти

координациялоо;

- суу ташкындарына каршы иш-чаралар жана Кыргыз Республикасынын

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы гидротехникалык курулма-

лардын коопсуздугу;

- өзгөчө кырдаалдар зонасында адамдарды издөө жана сактоо учурунда

издөөчү жана авариялык-сактоочу кызматтардын ишин уюштуруу жана коорди-

нациялоо.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өзгөчө кырдаалдардын

алдын алуучу жана жоюучу функциялык тутумчасы.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

Функциялык тутумчалары:

- медициналык ресурстардын резерви;

- санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө;

- Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарды жоюу учурунда медици-

налык-санитардык камсыз кылуу.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана

коммуникация министрлиги

Функциялык тутумчалары:

- байланыш жана кабарландыруу, уктуруу түйүндөрү, жалпы пайдала-

нуудагы байланыш түйүндөрүнүн каналдары;

- өзгөчө кырдаалдарды жоюуну транспорттук камсыз кылуу;

- жолдор-көпүрөлөр менен камсыздоо.

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана

кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги

Функциялык тутумчалары:

- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр

жай министрлигинин карамагындагы гидротехникалык курулмалардын коопсуз-

дугун камсыздоо;

- калктуу конуштардын чегинен тышкарыдагы жана Кыргыз Республика-

сынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин ка-

рамагындагы турган коллектордук-дренаждык тутумдар менен камтылган айыл

чарбалык айдоолорду кыртыш алдындагы суулардын дењгээли көтөрүлүшүнөн

сактоо;

- айыл чарба малдарын жана өсүмдүктөрдү коргоо.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай,

соода жана туризм министрлиги

Функциялык тутумчалары:

- материалдык ресурстарды эсепке алуу;

- туризмдин коопсуздугун камсыз кылуу.

Кыргыз Республикасынын Экономика

жана финансы министрлиги

Министрликтин иш чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана

жоюу боюнча иштерди финансылык камсыздоо боюнча функциялык тутумча.

Кыргызжилкоммунсоюз

Кыргызжилкоммунсоюздун иш чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалдардын алдын

алуу жана жоюу боюнча функциялык тутумчалары.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Архитектура жана курулуш

боюнча мамлекеттик агенттик

Мамлекеттик агенттиктин иш чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалдардын алдын

алуу жана жоюу боюнча функциялык тутумчалары.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык

резервдер боюнча мамлекеттик агенттик

Мамлекеттик материалдык резервдин функциялык тутумчасы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы

боюнча мамлекеттик агенттик

Агенттиктин иш чөйрөсүндө экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу

боюнча функциялык тутумча.

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын иштөө чөйрөсүндө өз-

гөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун функциялык тутумчалары.
