Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 августа 2011 года № 475 "Об утверждении Положения о государственной системе Гражданской защиты"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-08-22.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы №475 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 23-октябры № 746
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун
жана жоюунун бирдиктүү мамлекеттик
тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан калкты
жана аймактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу
үчүн, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мамле-
кеттик тутумун өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-
том кылат:
1. Тиркелгендер: Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун
бирдиктүү мамлекеттик тутуму жөнүндө жобо жана өзгөчө кырдаалдардын ал-
дын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мамлекеттик тутумунун функциялык ту-
тумчаларынын тизмеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калкты жа-
на аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо тармагындагы функцияларды 3
айлык мөөнөттүн ичинде макулдашсын жана министрликтердин, мамлекеттик
комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекет-
тик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-
нын арасында бөлүштүрсүн.
3. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мам-
лекеттик тутумуна кирген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, адми-
нистрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жа-
на жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 3 айлык мөөнөттүн ичинде
функциялык тутумчалар жөнүндө жоболорду иштеп чыгышсын жана аныкталган
тартипте бекитишсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-
юнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 23-октябрындагы
№ 746 токтому менен
бекитилген
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун
мамлекеттик бирдиктүү функциялык тутумчаларынын
ТИЗМЕСИ
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
Коомдук тартипти коргоо боюнча функциялык тутумча.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
Функциялык тутумчалары:
- өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө жана болжолдоо;
- опурталдуу гидрометеорологиялык кубулуштарды байкоого алуу, баа
берүү жана болжолдоо;
- өрттүн алдын алуу жана өчүрүү;
- Кыргыз Республикасынын аймактарындагы потенциалдуу опурталдуу
объекттердеги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу;
- өзгөчө кырдаал зонасында адамдарды издөө жана сактоо боюнча ишти
координациялоо;
- суу ташкындарына каршы иш-чаралар жана Кыргыз Республикасынын
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы гидротехникалык курулма-
лардын коопсуздугу;
- өзгөчө кырдаалдар зонасында адамдарды издөө жана сактоо учурунда
издөөчү жана авариялык-сактоочу кызматтардын ишин уюштуруу жана коорди-
нациялоо.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өзгөчө кырдаалдардын
алдын алуучу жана жоюучу функциялык тутумчасы.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
Функциялык тутумчалары:
- медициналык ресурстардын резерви;
- санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө;
- Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарды жоюу учурунда медици-
налык-санитардык камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана
коммуникация министрлиги
Функциялык тутумчалары:
- байланыш жана кабарландыруу, уктуруу түйүндөрү, жалпы пайдала-
нуудагы байланыш түйүндөрүнүн каналдары;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюуну транспорттук камсыз кылуу;
- жолдор-көпүрөлөр менен камсыздоо.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги
Функциялык тутумчалары:
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр
жай министрлигинин карамагындагы гидротехникалык курулмалардын коопсуз-
дугун камсыздоо;
- калктуу конуштардын чегинен тышкарыдагы жана Кыргыз Республика-
сынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин ка-
рамагындагы турган коллектордук-дренаждык тутумдар менен камтылган айыл
чарбалык айдоолорду кыртыш алдындагы суулардын дењгээли көтөрүлүшүнөн
сактоо;
- айыл чарба малдарын жана өсүмдүктөрдү коргоо.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай,
соода жана туризм министрлиги
Функциялык тутумчалары:
- материалдык ресурстарды эсепке алуу;
- туризмдин коопсуздугун камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын Экономика
жана финансы министрлиги
Министрликтин иш чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана
жоюу боюнча иштерди финансылык камсыздоо боюнча функциялык тутумча.
Кыргызжилкоммунсоюз
Кыргызжилкоммунсоюздун иш чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалдардын алдын
алуу жана жоюу боюнча функциялык тутумчалары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Архитектура жана курулуш
боюнча мамлекеттик агенттик
Мамлекеттик агенттиктин иш чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалдардын алдын
алуу жана жоюу боюнча функциялык тутумчалары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык
резервдер боюнча мамлекеттик агенттик
Мамлекеттик материалдык резервдин функциялык тутумчасы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы
боюнча мамлекеттик агенттик
Агенттиктин иш чөйрөсүндө экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу
боюнча функциялык тутумча.
"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК
"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын иштөө чөйрөсүндө өз-
гөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун функциялык тутумчалары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы №140 "Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча 2010-жылы берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бириктирилген үчүнчү…Постановление · 29.07.2010 · № 140
- Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү мамлекеттик тутуму жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы № 746 токтому менен…Положение · 23.10.2006 · № 746 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 475 "Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 22.08.2011 · № 475 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаарынын мэриясынын 2007-жылдын 15-февралындагы №111 "Бишкек шаарынын өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуунун жана жоюунун аймактык тутуму жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.02.2007 · № 111 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 475 "Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 22.08.2011 · № 475 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О защите населения и территорий от чрезвычайных ситуаций природного и техногенного характераЗакон · 24.02.2000 · № 45 · Күчүн жоготкон