# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнн 2006-жылдын 23-октябрындагы №745 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнн 2006-жылдын 23-октябрындагы №745 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 745
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57905>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11790/edition/968340/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57905.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнн 2006-жылдын 23-октябрындагы №745 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (22.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57905

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 23-октябры №745

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-февралындагы № 105, 2018-жылдын 22-августундагы № 381 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

«Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик өрткө каршы кызматын реформалоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 24-августундагы № 271 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. «Кыргыз Республикасынын Өрттөн сактоо кызматкеринин күнүн

белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 28- октябрындагы № 795 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышындагы жана текстиндеги «өрттөн коргоо» деген

сөздөр «Мамлекеттик өрткө каршы кызмат» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-февралындагы

токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-сентябрындагы

№602 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу

Күчтөрүнүн жана башка аскердик кошуундардын аскер кызматчыларынын

акчалай маянасы жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 163-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы

Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын офицерлери, прапорщиктери,

мөөнөтүнөн ашык кызматтагы аскер кызматчылары кызматтан бошогондо

Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын катардагы жана жетекчи

курамына кызматка дайындалган учурдан тартып иштеген жылдары эсепке

алынат».

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12

«Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын

байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, бањгизаттарды

контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы

адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия,

пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү

туралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышы жана 1-пункту «ички иштер» деген сөздөрдөн кийин «,

Мамлекеттик өрткө каршы кызмат,» деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматкерлерине,

ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-

аткаруу системасынын, бањгизаттарды контролдо органдарынын катардагы

жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген

жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби

жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- аталышы жана 1-пункту «ички иштер» деген сөздөрдөн кийин «,

Мамлекеттик өрткө каршы кызмат,» деген сөздөр менен толукталсын;

- 3 пункттун «б» пунктчасынын 8-абзацы «аскер кызматчылары» деген

сөздөрдөн кийин «(анын ичинде чакыруу боюнча кызмат өтөп жатышкан)»

деген сөздөр менен толукталсын;

«-1991-жылдын 1-сентябрынан тартып Мамлекеттик өрткө каршы кызмат

органдарында кызмат өтөгөн».

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери

боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 23-октябрындагы

№ 745 токтомуна

тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар

министрлигине караштуу Мамлекеттик

өрткө каршы кызматтын башкаруу

СХЕМАСЫ

| Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |  |  |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Эксперттик лаборатория, | \- | Мамлекеттик өрткө каршы |  |  |  |  |  |  |
| аскерлештирилген техникалык отряд, |  | кызмат башкы башкармалыгы |  |  |  |  |  |  |
| ККТАМУнун "Өрт коопсуздугу" кафедрасы, | \----------------------------- |  |  |  |  |  |  |  |
| Окуу пункту, Борбордук байланыш пункту |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Бишкек |  | Ош шаардык |  | Чыгыш МӨК |  | Түндүк МӨК |  | Түштүк МӨК |
| шаардык |  | МӨК |  | башкармалыгы |  | башкармалыгы |  | башкармалыгы |
| МӨК |  | башкармалыгы |  |  |  |  |  |  |
| башкармалыгы |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Нарын жана |  | Талас жана |  | Баткен |  |  |  |  |
| Исыккөл |  | Чүй |  | облусунун |  |  |  |  |
| облустарынын |  | облустарынын |  | МӨК бөлүмү, |  |  |  |  |
| райондорунун |  | райондорунун |  | Жалалабат |  |  |  |  |
| МӨКү |  | МӨКү |  | жана Ош |  |  |  |  |
|  |  |  |  | облустарынын |  |  |  |  |
|  |  |  |  | райондорунун |  |  |  |  |
|  |  |  |  | МӨКү |  |  |  |  |

Премьер-министирдин

Аппарат жетекчиси - Кыргыз

Республикасынын министри Т.Коеналиев
