# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-октябрындагы № 740 "Фирмалык аталыштарды каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 330 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-октябрындагы № 740 "Фирмалык аталыштарды каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 330 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 740
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57898>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11784/edition/760726/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57898.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-октябрындагы № 740 "Фирмалык аталыштарды каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 330 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" (12.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57898

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 20-октябры № 740

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Фирмалык аталыштарды каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобону

бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2000-жылдын 9-июнундагы № 330 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. «Фирмалык аталыштарды каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобону

бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-

июнундагы № 330 токтому менен бекитилген Фирмалык аталыштарды

каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобого жобого төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- «Жалпы жоболор» деген I бөлүмдө:

3,4 жана 5 - пункттары күчүн жоготту деп табылсын;

6-пункттун биринчи абзацында «илимге жана» деген сөздөр алып

салынсын, «төлөөнү» деген сөз «төлөө» деген сөз менен

алмаштырылсын;

«Алымдарды алуунун тартиби жана өлчөмдөрү» деген II бөлүмдүн 6-

пункту төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө белгиленген өлчөмдөгү алымды

төлөгөнүн ырастоочу документти көрсөтпөгөн учурда күбөлүкту

каттоо, жарыялоо жана берүү жүргүзүлбөйт».

2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-майындагы № 233

токтомунун 16-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр Ф.Кулов
