# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-октябрындагы № 738 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-октябрындагы № 738 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 738
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57896>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11783/edition/1291517/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57896.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-октябрындагы № 738 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57896

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 20-октябры № 738

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5- пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты

Р.М.Ирсалиев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз

Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине

жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

20-октябры 2006-жыл №23-22646

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5- пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Р.М.Ирсалиев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл алууга төмөнкүдөй сунуштарды эске алуу менен макулдук берет. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунуш кылган долбоорунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 82- статьясына өзгөртүү киргизүү болжолдонот, анда 18 жашка чейинки куракта кылмыш жасаган адамга өзгөчө оор кылмыш үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү он жылдан ашпашы керек экендиги каралат. Мындан тышкары кылмыштардын топтому боюнча жазаларды же өкүмдөрдү дайындоодо эркинен ажыратуунун эњ жогорку мөөнөтү дагы он жылдан ашпашы керектиги белгиленет. Бирок, аталган Кодекстин 13-статьясына ылайык өзгөчө оор кылмыштарга атайылап жасалган кылмыштар кире тургандыгын көњүлгө алуу керек, ал үчүн Мыйзамда он жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратуу же өлүм жазасына тартуу жазасы каралган.

Премьер-министр Ф.Кулов
