# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-октябрындагы № 726 "Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасында биргелешкен контроль жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 4- юлунда Астана шаарында кол коюлган макулдашуу ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-октябрындагы № 726 "Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасында биргелешкен контроль жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 4- юлунда Астана шаарында кол коюлган макулдашуу ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 726
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57883>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11772/edition/326896/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57883.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-октябрындагы № 726 "Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасында биргелешкен контроль жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 4- юлунда Астана шаарында кол коюлган макулдашуу ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"токтому (10.10.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57883

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 10-октябрындагы № 726

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасында биргелешкен контроль

жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен

Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 4-

июлунда Астана шаарында кол коюлган макулдашууну

ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 4-июлунда Астана шаарында кол

коюлган Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасындагы биргелешкен

контроль жөнүндө макулдашуунун 18-статьясына ылайык мамлекет

ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, ошондой эле "Кыргыз

Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана

"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктукактылары жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын

өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасында биргелешкен контроль

жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан

Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 4-июлунда Астана

шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин,

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кенешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы

инспекциясынын директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
