Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасында биргелешкен контроль жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 4- юлунда Астана шаарында кол коюлган макулдашуу ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 10-октябрындагы № 726
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасында биргелешкен контроль
жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 4-
июлунда Астана шаарында кол коюлган макулдашууну
ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 4-июлунда Астана шаарында кол
коюлган Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасындагы биргелешкен
контроль жөнүндө макулдашуунун 18-статьясына ылайык мамлекет
ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, ошондой эле "Кыргыз
Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктукактылары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын
өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасында биргелешкен контроль
жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 4-июлунда Астана
шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин,
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кенешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы
инспекциясынын директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон