# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-октябрындагы №724 "Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-ноябрындагы № 474 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-октябрындагы №724 "Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-ноябрындагы № 474 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 724
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57878>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11770/edition/568810/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57878.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-октябрындагы №724 "Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-ноябрындагы № 474 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (01.08.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57878

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы №431 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 9-октябры № 724

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-ноябрындагы № 474 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

"Бишкек" эркин экономикалык зонасын өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына ылайык Кыргыз Республи- касынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө жобону бекитүү туу-

ралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-ноябрындагы N 474 токтому менен бекитилген "Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 3-пунктта "Манас" аэропорту" деген сөздөр алып салынсын;

- 17-пункттун төртүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редак-

цияда берилсин: "Бишкек" ЭЭЗинин чарбакер субъекттерине катталган мезгилине кара- бастан эркин экономикалык зонанын субъекттери болуп саналбаган юридика- лык жана жеке жактарга күйүүчү-майлоочу материалдарды, ликер-арак ичим- диктерин жана тамеки буюмдарын сатууга тыюу салынат.";

- 25-пунктта:

жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Бишкек" ЭЭЗинен Кыргыз Республикасынын бажы аймагана товарларды ташып чыгууда чарбакер субъекттер Кыргыз Республикасынын бажы жана са- лык мыйзамдарына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөшөт."; төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: "Бишкек" ЭЭЗинде катталган жана "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому менен кандайдыр-бир операцияларды ишке ашыруучу бар- дык чарбакер субьектилерге Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мый- замдарында белгиленген тартипте салык салынууга тийиш.".

2. "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын башкы дирекциясы бир ай-

лык мөөнөттө "Бишкек" эркин экономикалык зонасын өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган өзгөртүүлөрдү эске алуу менен "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын ай- магынын картасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргиз- син.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө ки-

рет.

Премьер-министр Ф.Кулов
