Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2006-жылдын 19-майында Минск шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы органдарынын ортосунда бажы көзөмөлү, алдында товарларды өткөрүүдө бажы органдарынын эсебине акча каражаттарын төгүү жолу менен же банктардын кепилдиктерин пайдалануу жолу менен бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 9-октябры № 723
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«2006-жылдын 19-майында Минск шаарында кол коюлган
Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин
бажы органдарынын ортосунда бажы көзөмөлү, алдында товарларды
өткөрүүдө бажы органдарынын эсебине акча каражаттарын төгүү
жолу менен же банктардын кепилдиктерин пайдалануу жолу менен
бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу жөнүндө макулдашууну
ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору жөнүндө
2006-жылдын 19-майында Минск шаарында кол коюлган Евразиялык
экономикалык шериктештиктин мүчө мамлекеттеринин бажы органдарынын
ортосунда бажы көзөмөлү алдында товарларды өткөрүүдө бажы
органдарынын эсебине акча каражаттарын төгүү жолу менен же
банктардын кепилдиктерин пайдалануу жолу менен бажы төлөмдөрүн
төлөөнү камсыз кылуу жөнүндө макулдашуунун 12-статьясына ылайык
мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, ошондой эле
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө"
жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "2006-жылдын 19-майында Минск шаарында кол коюлган
Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы
органдарынын ортосунда бажы көзөмөлү алдында товарларды өткөрүүдө
бажы органдарынын эсебине акча каражаттарын төгүү жолу менен же
банктардын кепилдиктерин пайдалануу жолу менен бажы төлөмдөрүн
төлөөнү камсыз кылуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы
инспекциясынын директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз
Республикасынын өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кара-Кочкор айылдык кеңешинин 2011-жылдын 4-августундагы №20/1 "Кара-Кочкор айылдык округунун аймагындагы шайлоочулардын жыйындарынан, чогулуштарынан Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.08.2011 · № 20/1
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон