# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №695 "Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №695 "Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 695
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57871>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11765/edition/1141063/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57871.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №695 "Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57871

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 27-сентябры № 695

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы № 340 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы №

93 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жа- атында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы ара- кеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул токтомго тиркемеге ылайык редакцияда берилсин;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы ара- кеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобонун 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "6. Комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Премьер-ми- нистри эсептелет.".

2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы №

340 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 695 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы (ма- кулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын маданият министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспек- циясынын директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология инсти- тутунун директору (макулдашуу боюнча); Бишкек шаарынын мэри.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
