Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «2006-жылдын 25-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Интеллектуалдык менчик тармагында укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча улуттук маалымат базаларын түзүү жана мамлекеттер аралык маалымат алмашууну уюштуруу концепциясы жөнүндө Чечимди бекитүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 3-октябры № 711
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2006-жылдын 25-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган
Интеллектуалдык менчик тармагында укук бузуулардын
алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча улуттук
маалымат базаларын түзүү жана мамлекеттер аралык
маалымат алмашууну уюштуруу концепциясы жөнүндө
Чечимди бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2006-жылдын 25-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Интеллек-
туалдык менчик тармагында укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт
коюу боюнча улуттук маалымат базаларын түзүү жана мамлекеттер аралык
маалымат алмашууну уюштуруу концепциясы жөнүндө тиркелген Чечим беки-
тилсин.
2. Жогоруда аталган Чечимден келип чыгуучу милдеттенмелерди атка-
руу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине,
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөл-
сүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көзкарандысыз
Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасынын
ушул Чечимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жо-
болорду аткаргандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон