# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №703 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №703 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 703
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57857>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11756/edition/326863/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57857.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №703 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери" токтому (19.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57857

---

КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-апрелиндеги № 134 токтомуна

ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 29-сентябры №703

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Ички иштер

министрлигинин маселелери

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" жана "Кыргыз

Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

ишинин майнаптуулугун арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жөнүндө жобо

(КПү):

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башкаруу

схемасы (КПү).

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде министрдин үч,

анын ичинде бир биринчи орун басары болушуна уруксат берилсин.

Министрликте 11 адамдан турган коллегия түзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри министрдин орун

басарларынын ыйгарым укуктарын жана милдеттерин бөлүштүрүүдө Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењеши менен күнүмдүк, утурумдук иштерди

жүргүзүүнү милдеттүү түрдө министрдин биринчи орун басарынын милдетине

киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин

ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-мартындагы №72

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жөнүндө" токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 572

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1 -пункту:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2003-жыллын 24-декабрындагы

№799 КПү "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 22-

июлундагы "Кыргыз Республикасында коррупция жана экономикалык

кылмыштарга каршы күрөшүү системасын өркүндөтүү боюнча чаралар

жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыру тууралуу" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-июнундагы №425

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин структурасын

бекитүү жөнүндө" токтому:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-июлундагы №538

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик

адистештирилген күзөт кызматы департаменти жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-октябрындагы №

731 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-июнундагы "Кыргыз

Республикасынын Ички иштер министрлигинин структурасын бекитүү

жөнүндөгү" № 425 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-апрелиндеги №

168а "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-июнундагы № 425

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин структурасын бекитүү

жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21 -сентябрындагы №

444 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-июнундагы "Кыргыз

Республикасынын Ички иштер министрлигинин структурасын бекитүү

жөнүндөгү" № 425 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-октябрындагы №

500 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-июнундагы № 425

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин структурасын бекитүү

жөнүндөгү" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-ноябрындагы №

524 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-июнундагы № 425

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин структурасын бекитүү

жөнўндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-октябрындагы № 500 токтомуна өзгөртүү

киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы

№573 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин структурасын

бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-

июнундагы № 425 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июлундагы № 514

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана

визалык контроль департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

токтомунун 2 жана З-пункттары.

Премьер-министр Ф.Кулов
