# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №707 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги № 194 «Ишкердик субъектеринин ишин мамлекеттик контролдоочу органдардын текшерүүсүнүн тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №707 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги № 194 «Ишкердик субъектеринин ишин мамлекеттик контролдоочу органдардын текшерүүсүнүн тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 707
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.09.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57856>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11755/edition/326862/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57856.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №707 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги № 194 «Ишкердик субъектеринин ишин мамлекеттик контролдоочу органдардын текшерүүсүнүн тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (29.09.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57856

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 29-сентябры №707

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги

№ 194 «Ишкердик субъектеринин ишин мамлекеттик контролдоочу

органдардын текшерүүсүнүн тартиби жөнүндө» токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн

өркүндөтүү жөнүндө» № 462 Жарлыгын ишке ашыруу үчүн жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-ноябрындагы «Кыргыз

Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери» жөнүндөгү

№ 541 токтомуна ылайык, технологиялык, техникалык жана өнөр жай

коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү жаатында маселелерди натыйжалуу

чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги №

194 «Ишкердик субъектеринин ишин мамлекеттик контролдоочу органдардын

текшерүүсүнүн тартиби жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана

толуктоолор киргизилсин:

- 2-пунктта «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу

Кирешелер боюнча комитетинин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын, Кыргыз

Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жай

коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциясынын»

деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишин

мамлекеттик контролдоочу органдардын текшерүүсүнүн тартиби жөнүндө

жобонун II бөлүмүнүн 8-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Финансы

министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитетинин» деген сөздөр

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык

инспекциясынын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине

караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик

инспекциясынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттерин

текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу

органдардын тизмесинде:

- 1-пунктундагы «Финансы министрлиги» деген сөздөр «Экономика

жана финансы министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын, «Кирешелер

боюнча комитет» деген сөздөр алып салынсын;

- төмөндөгүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:

«20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык

инспекциясы»;

- аталган токтомдун жана Жобонун бүткүл тексти боюнча «Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча

мамлекеттик комиссия», «Мамлекеттик комиссия» деген ар кандай

жөндөмөдөгү сөздөр «Кыргыз Республикасын Өнөржай, соода жана туризм

министирлиги» деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана

Кыргыз Республикасын Өнөржай, соода жана туризм министрлиги өздөрүнүн

чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги

«Ишкердик субъектеринин ишин мамлекеттик контролдоочу органдардын

текшерүүсүнүн тартиби жөнүндө» № 194 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-мартындагы №

194 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр Ф.Кулов
