# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №706 "Үчүнчү муундагы "3 G WCDMA/UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы № 588 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №706 "Үчүнчү муундагы "3 G WCDMA/UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы № 588 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 706
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57855>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11754/edition/1291476/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57855.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №706 "Үчүнчү муундагы "3 G WCDMA/UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы № 588 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57855

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 29-сентябры N 706

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Үчүнчү муундагы "3 G WCDMA/UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы N 588 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-декабрындагы N 879 "Мобилдүү байланыштын үчүнчү муундагы 3 G "WCDMA\\UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкелерин пайдалануу укугуна пилоттук конкурс өткөрүү жөнүндө" токтому

Үчүнчү муундагы мобилдик байланыш 3 G "WCDMA/UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү мүмкүнчүлүгүн техникалык-экономикалык талдоону эске алуу менен жана жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Үчүнчү муундагы "3 G WCDMA/UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы N 588 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- токтомдун аталышы "үчүнчү муундагы стандарт" деген сөздөрдөн кийин "мобилдүү байланыш" деген сөздөр менен толукталсын;

- токтомдун бүткүл тексти боюнча:

"3 G WCDMA/UMTS" деген сөздөр "3 G "WCDMA/UMTS" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- "5-октябрь" деген сөз "1-ноябрь" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 1-пунктта:

экинчи абзацтагы "үч" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын; үчүнчү жана төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- биринчи эки жылдын ичинде Чүй облусу боюнча мобилдүү байланыш тармагын түзүү жана эксплуатацияга киргизүү, мында башка региондор боюнча тармакты бир эле мезгилде өнүктүрүүгө оператордун ниеттенүүлөрү чектелбейт;

- биринчи эки жылдын ичинде "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын республиканын айыл региондорунда жайгашкан 100 байланыш бөлүмдөрүндө керектүү уюштуруу техникалары жана интернет-байланыш менен камсыздалган коомдук жеткиликтүүлүк боюнча иштеген борборлорду түзүү;";

- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- конкурстан утуп чыккан оператор 200 млн. сомго чейинки өлчөмдө болгон радиоэлектрондук каражаттардан жыштыктардын диапазонун бошотуу үчүн зарыл болгон финансылык чыгымдардын ордун толтуруу боюнча милдеттенмени өзүнө алат;"; бешинчи - он биринчи абзацтар алтынчы - он экинчи абзацтар болуп эсептелсин; алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- конкурстан утуп чыккан оператордун тармагында министрликтер менен ведомстволордун муктаждыктары үчүн ички тармакты түзүүнү (кеминде 1000 номер) камсыздоо;"; жетинчи абзац алып салынсын; сегизинчи жана тогузунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- биринчи эки жылдын ичинде мобилдүү байланыш тармагындагы адистерди окутууну жана даярдоо курстарын мүмкүн жогорку окуу жайлардын биринин базасында уюштуруу;

- экинчи жылда рыноктун керектөөлөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында 3 G стандартындагы мобилдүү байланыш аппараттарын кошо алганда мобилдүү (уюктук) байланыштын телефон аппараттарын чыгарууну (чогултууну) уюштуруу";

онунчу абзацта "бардык" деген сөз алып салынсын; он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- 3 G "WCDMA/UMTS" жумушчу диапазонундагы жыштыктардын тилкелерин бөлүү үчүн старттык баа 40 млн. сомду түзөт. Конкурстун жеңүүчүсү көрсөтүлгөн сумманы конкурстун жыйынтыктары жарыялангандан кийин 20 күндүк мөөнөттө төлөйт;";

- токтом төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Конкурсту даярдоо жана өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин чыгымдарынын орду конкурс өткөрүү жөнүндө жободо аныкталган өлчөмдө конкурска арыз берүүчүлөр тарабынан толтурулат.";

- 3-10-пункттар тийиштүүлүгүнө жараша 4-11-пункттар деп эсептелсин;

- 7-пунктта "12-00 саат" деген сөздөр "(кошо алганда)" деген сөздөр менен толукталсын;

- 8-пунктта:

биринчи абзацта "5" деген сан "6" деген санга алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Конкурстун катышуучуларына сунуш кылынган шарттар жарыялангандан кийин ачылган арыздар эксперттик топко берилет. Эксперттик топтун курамы жана иш тартиби үчүнчү муундагы 3 G "WCDMA/UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурсту даярдоо жана өткөрүү боюнча конкурстук комиссия тарабынан аныкталат.";

- 9-пунктта "иштерди аткаруу графигин кабыл алуу" деген сөздөрдөн кийин "(милдеттүү шарттар жана сунуштар)" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги (макулдашуу боюнча) үчүнчү муундагы 3 G "WCDMA/UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна пилоттук конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу жобону 2006-жылдын 10-октябрына чейин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов
