# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29 сентябрындагы №705 "Карабалта тоо-кен комбинаты" акционердик коомунун кредитордук карызын реструктуралаштыруу жөнүндө" токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29 сентябрындагы №705 "Карабалта тоо-кен комбинаты" акционердик коомунун кредитордук карызын реструктуралаштыруу жөнүндө" токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 705
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57854>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11753/edition/326859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57854.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29 сентябрындагы №705 "Карабалта тоо-кен комбинаты" акционердик коомунун кредитордук карызын реструктуралаштыруу жөнүндө" токтом (29.09.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57854

---

Бишкек шаары, Јкмјт Ійі

2006-жылдын 29-сентябры, №705

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ

"Карабалта тоо-кен комбинаты" акционердик коомунун

кредитордук карызын реструктуралаштыруу жөнүндө

"Карабалта тоо-кен комбинаты" акционердик коомуна мамлекеттик колдоо

көрсөтүү жана уставдык капиталдын 72,28 процентин түзүүчү акцияларынын

мамлекеттик пакетинин инвестициялык жагымдуулугун арттыруу максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:

"Карабалта тоо-кен комбинаты" акционердик коомунун UBS банкынын кредити

боюнча бюджетке 8 358 618, 72 АКШ доллары суммасындагы кредитордук карызын

акча каражаттарын пайдалануу үчүн проценттерди токтотуу менен

реструктуралаштырсын;

- ушул пункттун экинчи абзацында каралган шарттарды эске алуу менен

"Куранжайлоо" алтын кенин эксплуатациялоону калыбына келтирүү боюнча

чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-июнундагы

№ 389 токтомуна ылайык карызды жоюу боюнча "Карабалта тоо-кен комбинаты"

акционердик коому менен 2003-жылдын 19-сентябрында түзүлгөн № 73-03

Карыздык милдеттенмени кайра тариздесин.

2. "Карабалта тоо-кен комбинаты" акционердик коомуна UBS банкынын

кредити боюнча бюджетке 8 358 618, 72 АКШ доллары суммасындагы кредитордук

карызды өз учурунда төлөөнү камсыз кылуу сунушталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-

министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы

жана жаратылыштык ресурстар бөлумүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
