# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №704 "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин 2004-жылдын 15-сентябрында Астана шаарында кол коюлган Шериктештикке катышкан мамлекеттердин валюталык чөйрөдө кызматташуусунун жана иштерди координациялоонун концепциясы жөнүндө Чечимин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №704 "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин 2004-жылдын 15-сентябрында Астана шаарында кол коюлган Шериктештикке катышкан мамлекеттердин валюталык чөйрөдө кызматташуусунун жана иштерди координациялоонун концепциясы жөнүндө Чечимин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 704
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57852>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11752/edition/326857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57852.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №704 "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин 2004-жылдын 15-сентябрында Астана шаарында кол коюлган Шериктештикке катышкан мамлекеттердин валюталык чөйрөдө кызматташуусунун жана иштерди координациялоонун концепциясы жөнүндө Чечимин бекитүү тууралуу" токтому (29.09.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57852

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 29-сентябры № 704

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт

башчылар кењешинин 2004-жылдын 15-сентябрында

Астана шаарында кол коюлган Шериктештикке

катышкан мамлекеттердин валюталык чөйрөдө

кызматташуусунун жана иштерди координациялоонун

концепциясы жөнүндө Чечимин бекитүү тууралуу

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кењеши-

нин 2004-жылдын 15-сентябрында Астана шаарында кол коюлган Шериктештик-

ке катышкан мамлекеттердин валюталык чөйрөдө кызматташуусунун жана иш-

терди координациялоонун концепциясы жөнүндө Чечиминин 2-пунктуна ылайык

мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республика-

сынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нор-

мативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын

негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт

башчылар кењешинин 2004-жылдын 15-сентябрында Астана шаарында кол коюл-

ган Шериктештикке катышкан мамлекеттердин валюталык чөйрөдө кызматташу-

усунун жана иштерди координациялоонун концепциясы жөнүндө Чечими беки-

тилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз

Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасы жо-

горуда аталган Чечимдин күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги

жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин.

3. Жогоруда көрсөтүлгөн Чечимден келип чыгуучу милдеттенмелерди

аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (ма-

кулдашуу боюнча) жүктөлсүн.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр Ф.Кулов
