# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №702 "Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №702 "Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 702
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57850>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11750/edition/1135820/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57850.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №702 "Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (07.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57850

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 60 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 27-сентябры № 702

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби

жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "Кыргыз Республикасынын

аймаганда техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу

техникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук актылар

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы №

473 токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Тиркелген Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо

бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- тиешелүү техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин Мамлекет-

тик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо колдонуулары;

- ал Жобону Кыргыз Республикасынын аймагындагы базарларга

жүгүртүүгө келип түшкөн продукцияларга коюлган милдеттүү талаптардын

аткарылышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин атайын

ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жетекчиликке алышы керек.

Ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси жана алардын компетенциясынын

тармагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 473

"Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттер күчүнө кир-

генге чейин колдонулуучу техникалык жөнгө салуу тармагындагы норматив-

дик укуктук актылар жөнүндө" токтому менен бекитилген.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги №

194 "Ишкердик субъекттеринин ишин мамлекеттик контролдоочу органдардын

текшерүүсүнүн тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкердик субъ-

екттерин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу

органдарынын тизмесине төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр кирги-

зилсин:

- 2-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- облустук, шаардык, райондук Мамлекеттик санитардык-эпидемиоло-

гиялык көзөмөлдөө борборлору";

- 3-пункттагы экинчи жана үчүнчү абзацтар алып салынсын;

- 4-пунктка:

экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

"Мамлекеттик ветеринария департаменти;";

төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- региондук, шаардык, райондук мамлекеттик ветеринардык көзөмөл

башкармалыктары";

- 8,9 жана 10-пункттар төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

"8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана ку-

рулуш боюнча мамлекеттик агенттик:

Шаар куруу жана архитектура-курулуш көзөмөлү (Мамархкуру-

лушкөзөмөл) боюнча аймактык органдар.

"9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ

боюнча мамлекеттик инспекциясы";

"10. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаан-

даштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агентиги.";

- 12-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- 13-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

"13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган

чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик".

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин

күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына

жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
