# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №701 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №701 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 701
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57849>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11749/edition/1141128/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57849.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №701 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57849

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 27-сентябры №701

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

«Бишкек шаарын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун администрациялык борбору катары аныктоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү

мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-июлундагы № 475 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаменти жөнүндө жобого төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5.1-пунктунун «г» пунктчасындагы «Токмок шаарында жайгашкан Чүй

облустук сотуна,» деген сөздөр алып салынсын.

2. «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү

мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-июлундагы № 475 токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-мартындагы № 127 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктун экинчи абзацы алып салынсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
