# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-сентябрындагы №691 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-сентябрындагы №691 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 691
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.09.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57838>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11740/edition/326839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57838.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-сентябрындагы №691 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (26.09.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57838

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 26-сентябры № 691

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым

чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын мам-

лекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" 2006-жылдын 15-ию-

лундагы № 382 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-

лат:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө

укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133 токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик

агенттиктин башкаруу схемасында "Регион аралык борборлор" деген сөздөр

"Региондор аралык жана Баткен зоналык борборлору" деген сөздөр менен

алмаштырылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө

укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыймылсыз мүлк жана жер

ресурстары боюнча региондор аралык борборлору жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы N

183 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-

тарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыймылсыз мүлк жана жер ре-

сурстары боюнча региондор аралык жана Баткен зоналык борборлору жөнүндө

жоболорду бекитүү тууралуу";

- токтомдун 1-пунктунда "жана Баткен" деген сөздөр алып салынсын;

- токтом төмөнкүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө

укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыймылсыз мүлк жана жер

ресурстары боюнча Баткен зоналык борбору 4 штаттык бирдик санында уюш-

турулсун.";

- 2-4-пункттар тийиштүүлүгүнө жараша 3-5-пункттар деп эсептелсин;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик

агенттиктин Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча региондор аралык

борборлору жөнүндө жобонун I главасынын аталышы жана 1,2-пункттары "ре-

гиондор аралык" жана "регион аралык" деген сөздөрдөн кийин "жана Баткен

зоналык" деген сөздөр менен толукталсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
