# Жарылгыч материалдарды колдонууда келип чыгуучу талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Жарылгыч материалдарды колдонууда келип чыгуучу талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 688
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57832>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2341/edition/580412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57832.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарылгыч материалдарды колдонууда келип чыгуучу талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688 токтому менен бекитилген) (26.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57832

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688 токтому менен бекитилген

Жарылгыч материалдарды колдонууда келип чыгуучу талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Бул Жобо "Өнөр жайлык багытгагы жарылгыч материалдар жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясында каралган жарылгыч ма- териалдарды (мындан ары - ЖМ) колдонууда алардын ээлеринин ортосунда келип чыгуучу талаштарды чечүүнүн тартибин белгилейт.

2. Жарылгыч материалдарды колдонууда алардын ээлеринин ортосунда

даярдоо, ташуу, сатуу, сактоо жана түздөн-түз колдонуу (жардыруу иште- рин жүргүзүүдө кооптуу зонанын чектеринде коопсуздукту камсыздоо бөлүгүндө) процессинде талаш-тартыштар келип чыгышы мүмкүн.

3. ЖМны сактоодо (түздөн-түз колдонуу жерлеринен тышкары) ташууда

жана сатууда талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын ички иштер органда- ры тарабынан, ал эми калган талаш-тартыштар - функционалдык милдеттер- дин чектеринде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан чечилет.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Ушул Жобонун 3-пунктуна ылайык чечилбеген талаш-тартыштар сот

тартибинде чечилет.
