# Жардыруу ишиндеги жарылгыч материалдарды жана приборлорду алып коюунун тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Жардыруу ишиндеги жарылгыч материалдарды жана приборлорду алып коюунун тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 688
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57831>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2340/edition/326833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57831.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жардыруу ишиндеги жарылгыч материалдарды жана приборлорду алып коюунун тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688 токтому менен бекитилген) (22.09.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57831

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 22-сентябрындагы

№ 688 токтому менен

бекитилген

Жардыруу ишиндеги жарылгыч материалдарды

жана приборлорду алып коюунун

тартиби жөнүндө

ЖОБО

1. Бул Жобо "Өнөр жайлык багыттагы жарылгыч материалдар жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясында каралган жардыруу

ишиндеги жарылгыч материалдарды (мындан ары - ЖМ) жана приборлорду алып

коюунун тартибин белгилейт.

2. Жардыруу ишиндеги жарылгыч материалдарды жана приборлорду алып

коюу жол-жобосу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

- жарылгыч материалдар менен иштөөгө укуктуу ишкана жоюлганда;

- персоналдын ЖМны пайдалануусу үчүн ишканада колдонмо жок болсо;

- анын ээсинде тийиштүү лицензия же башка уруксат берүүчү доку-

менттер жок болсо;

- юридикалык жак ЖМны багыты боюнча колдонбосо же алардын сакталы-

шын камсыз кылбаса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында

каралган башка учурларда.

3. Алгачкы этапта курамында мамлекеттик администрация, ички иштер

органдарынын жана өнөр жайлык коопсуздук тармагынын өкүлдөрү болгон ко-

миссия тарабынан ЖМны убактылуу алып коюу жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн ко-

миссиянын төрагасы өнөр жайлык коопсуздук тармагындагы органдын өкүлү

болуп саналат. ЖМны убактылуу алып коюу жана аны сактоо үчүн уруксаты

жана орду бар тийиштүү уюмдун убактылуу сактоосуна өткөрүп берүү акты

менен таризделет.

Комиссия өнөр жайлык коопсуздук тармагында аткаруу бийлигинин ата-

йын ыйгарым укуктуу органынын жетекчисинин буйругу менен дайындалат.

4. Көрсөтүлгөн жарылгыч материалдарды колдонуудан алып салуу

жөнүндө маселени биротоло чечүү ал материалдарды кийин сатып, түшкөн

кирешени мамлекеттик бюджетке жиберүү менен сот тартибинде ишке ашыры-

лат.

Сот органдарына ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн материалдарды

комиссиянын төрагасы жиберет.
