Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жардыруу ишиндеги жарылгыч материалдарды жана приборлорду алып коюунун тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 22-сентябрындагы
№ 688 токтому менен
бекитилген
Жардыруу ишиндеги жарылгыч материалдарды
жана приборлорду алып коюунун
тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Бул Жобо "Өнөр жайлык багыттагы жарылгыч материалдар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясында каралган жардыруу
ишиндеги жарылгыч материалдарды (мындан ары - ЖМ) жана приборлорду алып
коюунун тартибин белгилейт.
2. Жардыруу ишиндеги жарылгыч материалдарды жана приборлорду алып
коюу жол-жобосу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- жарылгыч материалдар менен иштөөгө укуктуу ишкана жоюлганда;
- персоналдын ЖМны пайдалануусу үчүн ишканада колдонмо жок болсо;
- анын ээсинде тийиштүү лицензия же башка уруксат берүүчү доку-
менттер жок болсо;
- юридикалык жак ЖМны багыты боюнча колдонбосо же алардын сакталы-
шын камсыз кылбаса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
каралган башка учурларда.
3. Алгачкы этапта курамында мамлекеттик администрация, ички иштер
органдарынын жана өнөр жайлык коопсуздук тармагынын өкүлдөрү болгон ко-
миссия тарабынан ЖМны убактылуу алып коюу жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн ко-
миссиянын төрагасы өнөр жайлык коопсуздук тармагындагы органдын өкүлү
болуп саналат. ЖМны убактылуу алып коюу жана аны сактоо үчүн уруксаты
жана орду бар тийиштүү уюмдун убактылуу сактоосуна өткөрүп берүү акты
менен таризделет.
Комиссия өнөр жайлык коопсуздук тармагында аткаруу бийлигинин ата-
йын ыйгарым укуктуу органынын жетекчисинин буйругу менен дайындалат.
4. Көрсөтүлгөн жарылгыч материалдарды колдонуудан алып салуу
жөнүндө маселени биротоло чечүү ал материалдарды кийин сатып, түшкөн
кирешени мамлекеттик бюджетке жиберүү менен сот тартибинде ишке ашыры-
лат.
Сот органдарына ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн материалдарды
комиссиянын төрагасы жиберет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндөЗакон · 22.05.2006 · № 88 · Күчүн жоготкон