# Жарылгыч материалдарды жүгүртүүгө байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Жарылгыч материалдарды жүгүртүүгө байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 688
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57830>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2339/edition/579615/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57830.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарылгыч материалдарды жүгүртүүгө байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688 токтому менен бекитилген) (26.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57830

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688 токтому менен бекитилген

Жарылгыч материалдарды жүгүртүүгө байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Бул Жобо "Өнөр жайлык багыттагы жарылгыч материалдар жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясында каралгандай өнөр жайлык багыттагы жарылгыч материалдарды тынчтык максаттарга колдонууда аларды жүгүртүүгө байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүнүн тартибин бел- гилейт.

2. Белгиленген тартип ЖМ менен иштеген ишканаларда жарылгыч мате-

риалдар менен иштөөгө, анын ичинде илимий изилдөө максаттарында, ошон- дой эле тынчтык максаттарда жардыруу иштерин аткаруучу персонал үчүн милдеттүү болуп саналат.

3. Ишкананын (уюмдун) биринчи жетекчиси ушул Жобого ылайык персо-

налды ЖМ менен иштөөгө жазуу жүзүндөгү буйрук менен уруксат берет. Иш- канада ЖМ менен иштөө боюнча жалпы жетекчилик тоо-кен техникалык били- ми, ЖМ менен иштөөгө уруксаты, ошондой эле ишкананын иш тармагындагы жардыруу иштер өндүрүшүнө уруксаты менен "Жардыргычтын күбөлүгү" бар адамга (техникалык директор, башкы инженер же башка) жүктөлүүгө тийиш. Иш-аракеттин башка түрлөрүндө иштөөгө уруксат мындай укук берүүчү атайын курстарда кошумча окугандан кийин гана берилүүгө тийиш. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редак- циясына ылайык)

4. ЖМ менен иштөө боюнча жетекчиликке уруксат берилген же ЖМ менен

иштөө боюнча иштин башка түрлөрүнө укук алышкан, ага ылайык билими жө- нүндө документи бар адамдар жер казынасын пайдалануу боюнча атайын ый- гарым укуктуу органынын комиссиясында аттестациядан өтүшү керек. Текше- рүүнүн мезгилдүүлүгү үч жылда кеминде бир жолу болууга тийиш. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редак- циясына ылайык)

5. Жардыруу иштерине жетекчиликке же өндүрүшкө (ЖМ менен иштөөгө)

уруксат берилген адамдардын соттолгондугу болбоого тийиш, анын жетекчи- лик тарабынан жакшы мүнөздөмөсү, тиешелүү медициналык адистердин (пси- холог, нарколог, терапевт) оң корутундусу, ички иштер органдарынан атайын уруксат жана жардыргычтын күбөлүгү болушу керек. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редак- циясына ылайык)

6. Жардыруу иштери "Жардыруу иштериндеги коопсуздуктун бирдиктүү

эрежелеринин" талаптарына ылайык жардыргычтар тарабынан аткаршышы ке- рек.

7. Жардыргычтын жана мастер-жардыргычтын кесибине окууга орто би-

лими, тиешелүү курагы жана төмөнкүлөрдө иш стажысы бар адамдарга жол берилет:

- газ же жарылуу коркунучу бар көмүр шахтыларында - 22 жаштан жо-

гору жана жер алдындагы иштердеги стажы кеминде эки жыл;

- башка бардык жардыруу иштерине:

- 20 жаштан өйдө жана кен же кен-чалгындоо иштеринде кеминде бир

жыл иш стажысы бар адамдарга. Окутуу атайын курстарда же окуу жайларында өндүрүштөн ажыратуу ме- нен жүргүзүлүшү керек. Аттестациядан өткөн адамдарга жер казынасын пай- далануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн белгиленген формадагы "Жардыргычтын күбөлүгү" тапшырылат. Аттестация жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын комиссиясы та- рабынан жүргүзүлөт. Жардыруу иштеринин өз алдынча жүргүзүүгө "Жардыргычтын күбөлүгү" 30 күндүн аралыгында стажировкадан өткөндүгү тууралуу белгиси бар адам- дарга жол берилет. Стажировкадан өтүү фактысы аны өткөргөн ишкананын жардыруу иштери боюнча жетекчисинин койгон колу (чечмеленип) жана мөөрү менен тастыкталат. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редак- циясына ылайык)

8. ЖМ кампасынын башчысы, ЖМны таратуучулар, ЖМ менен иштөөгө жол

берилген лаборанттар жана айдоочулар окутулуп, аттестациядан өтүшү ке- рек жана алардын "Жардыруу иштериндеги коопсуздуктун бирдиктүү эрежеле- рине" жана Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу боюнча нускаманын талаптарына ылайык берилүүчү тийиштүү күбөлүктөрү болууга тийиш.
