Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жарылгыч материалдарды жүгүртүүгө байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы № 688 токтому менен бекитилген
Жарылгыч материалдарды жүгүртүүгө байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо "Өнөр жайлык багыттагы жарылгыч материалдар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясында каралгандай өнөр жайлык багыттагы жарылгыч материалдарды тынчтык максаттарга колдонууда аларды жүгүртүүгө байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүнүн тартибин бел- гилейт.
2. Белгиленген тартип ЖМ менен иштеген ишканаларда жарылгыч мате-
риалдар менен иштөөгө, анын ичинде илимий изилдөө максаттарында, ошон- дой эле тынчтык максаттарда жардыруу иштерин аткаруучу персонал үчүн милдеттүү болуп саналат.
3. Ишкананын (уюмдун) биринчи жетекчиси ушул Жобого ылайык персо-
налды ЖМ менен иштөөгө жазуу жүзүндөгү буйрук менен уруксат берет. Иш- канада ЖМ менен иштөө боюнча жалпы жетекчилик тоо-кен техникалык били- ми, ЖМ менен иштөөгө уруксаты, ошондой эле ишкананын иш тармагындагы жардыруу иштер өндүрүшүнө уруксаты менен "Жардыргычтын күбөлүгү" бар адамга (техникалык директор, башкы инженер же башка) жүктөлүүгө тийиш. Иш-аракеттин башка түрлөрүндө иштөөгө уруксат мындай укук берүүчү атайын курстарда кошумча окугандан кийин гана берилүүгө тийиш. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редак- циясына ылайык)
4. ЖМ менен иштөө боюнча жетекчиликке уруксат берилген же ЖМ менен
иштөө боюнча иштин башка түрлөрүнө укук алышкан, ага ылайык билими жө- нүндө документи бар адамдар жер казынасын пайдалануу боюнча атайын ый- гарым укуктуу органынын комиссиясында аттестациядан өтүшү керек. Текше- рүүнүн мезгилдүүлүгү үч жылда кеминде бир жолу болууга тийиш. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редак- циясына ылайык)
5. Жардыруу иштерине жетекчиликке же өндүрүшкө (ЖМ менен иштөөгө)
уруксат берилген адамдардын соттолгондугу болбоого тийиш, анын жетекчи- лик тарабынан жакшы мүнөздөмөсү, тиешелүү медициналык адистердин (пси- холог, нарколог, терапевт) оң корутундусу, ички иштер органдарынан атайын уруксат жана жардыргычтын күбөлүгү болушу керек. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редак- циясына ылайык)
6. Жардыруу иштери "Жардыруу иштериндеги коопсуздуктун бирдиктүү
эрежелеринин" талаптарына ылайык жардыргычтар тарабынан аткаршышы ке- рек.
7. Жардыргычтын жана мастер-жардыргычтын кесибине окууга орто би-
лими, тиешелүү курагы жана төмөнкүлөрдө иш стажысы бар адамдарга жол берилет:
- газ же жарылуу коркунучу бар көмүр шахтыларында - 22 жаштан жо-
гору жана жер алдындагы иштердеги стажы кеминде эки жыл;
- башка бардык жардыруу иштерине:
- 20 жаштан өйдө жана кен же кен-чалгындоо иштеринде кеминде бир
жыл иш стажысы бар адамдарга. Окутуу атайын курстарда же окуу жайларында өндүрүштөн ажыратуу ме- нен жүргүзүлүшү керек. Аттестациядан өткөн адамдарга жер казынасын пай- далануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн белгиленген формадагы "Жардыргычтын күбөлүгү" тапшырылат. Аттестация жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын комиссиясы та- рабынан жүргүзүлөт. Жардыруу иштеринин өз алдынча жүргүзүүгө "Жардыргычтын күбөлүгү" 30 күндүн аралыгында стажировкадан өткөндүгү тууралуу белгиси бар адам- дарга жол берилет. Стажировкадан өтүү фактысы аны өткөргөн ишкананын жардыруу иштери боюнча жетекчисинин койгон колу (чечмеленип) жана мөөрү менен тастыкталат. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редак- циясына ылайык)
8. ЖМ кампасынын башчысы, ЖМны таратуучулар, ЖМ менен иштөөгө жол
берилген лаборанттар жана айдоочулар окутулуп, аттестациядан өтүшү ке- рек жана алардын "Жардыруу иштериндеги коопсуздуктун бирдиктүү эрежеле- рине" жана Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу боюнча нускаманын талаптарына ылайык берилүүчү тийиштүү күбөлүктөрү болууга тийиш.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы №688 " Жарылгыч материалдарды колдонууга байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө, жардыруу…Постановление · 22.09.2006 · № 688
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.09.2012 · № 653
- Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндөЗакон · 22.05.2006 · № 88 · Күчүн жоготкон