# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы №688 " Жарылгыч материалдарды колдонууга байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө, жардыруу иштеринде жарылгыч материалдарды жана приборлорду алып коюунун тартиби жөнүндө, жарылгыч материалдарды колдонууда келип чыгуучу талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы №688 " Жарылгыч материалдарды колдонууга байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө, жардыруу иштеринде жарылгыч материалдарды жана приборлорду алып коюунун тартиби жөнүндө, жарылгыч материалдарды колдонууда келип чыгуучу талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 688
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57829>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11737/edition/358916/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57829.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-сентябрындагы №688 " Жарылгыч материалдарды колдонууга байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө, жардыруу иштеринде жарылгыч материалдарды жана приборлорду алып коюунун тартиби жөнүндө, жарылгыч материалдарды колдонууда келип чыгуучу талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (19.02.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57829

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 22-сентябры № 688

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Жарылгыч материалдарды колдонууга байланыштуу иштерге

адамдарга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө, жардыруу

иштеринде жарылгыч материалдарды жана приборлорду

алып коюунун тартиби жөнүндө, жарылгыч материалдарды

колдонууда келип чыгуучу талаш-тартыштарды чечүүнүн

тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү жана

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

нормативдик укуктук актыларына

өзгөртүүлөр менен толуктоолорду

киргизүү тууралуу

(2010-жылдын 19-февралындагы №108 токтомунун редакциясына ылайык)

"Өнөр жайлык багыттагы жарылгыч материалдар жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамынын жоболорун жана "Техникалык регламенттер күчүнө

киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу техникалык

жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 473 токтомун атка-

руу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Жарылгыч материалдарды колдонууга байланыштуу иштерге адамдарга

уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө жобо;

- Жардыруу иштеринде жарылгыч материалдарды жана приборлорду алып

коюунун тартиби жөнүндө жобо;

- Жарылгыч материалдарды колдонууда келип чыгуучу талаш-тартыштар-

ды чечүүнүн тартиби жөнүндө жобо.

2. "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык подразделе-

ниелери тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестрин бе-

китүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февра-

лындагы № 103 токтому менен бекитилген, Аткаруу бийлик органдары жана

алардын структуралык подразделениелери тарабынан берилүүчү уруксат

берүүчү документтердин реестрине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо-

лор киргизилсин:

- "Өнөр жайлык коопсуздукка көзөмөл жана кен көзөмөлү боюнча мам-

лекеттик инспекция" (Мамкентехкөзөмөл) бөлүмүндө:

графанын 2 жана 3-пункттарында "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин

өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген

сөздөр "Өнөр жайлык багыттагы жарылгыч материалдар жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4-пунктта "(кен жана геологиялык кен чалгындоо долбоорлорунан тыш-

кары)" деген сөздөр алып салынсын;

- бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толукталсын:

"--------------------------------------------------------------------

| 5 | Өнөр жайлык коопсуздук | "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин |
| --- | --- | --- |
|  | экспертизасын жүргүзүү | өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" |
|  | укугуна уруксат | Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
| 6 | Жарылгыч материалдарды | "Өнөр жайлык багыттагы жарылгыч |
|  | колдонууга байланыштуу | материалдар жөнүндө" Кыргыз |
|  | иштерге адамдарды | Республикасынын Мыйзамы |
|  | киргизүүгө уруксат |  |

--------------------------------------------------------------------".

3.(2010-жылдын 19-февралындагы №108 токтомунун редакциясына

ылайык күчүн жоготту№

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр Ф.Кулов
