Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Президентинин „Мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи кызматчылардын кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө“ Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительство КР от 15 июля 2009 года №451 "О мерах по упорядочению заграничных служебных командировок и иных выездов руководителей и работников государственных, муниципальных органов и государственных и муниципальных предприятий"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-07-15.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 451 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 13-сентябры № 657
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик
жана муниципалдык жетекчи кызматчылардын кызматтык
сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке
салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы №
394 "Мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи кызматчылардын кызматтык са-
парларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар
жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле эмгек тартибин андан ары чыњдоо,
мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи кызматчылардын жоопкерчилигин жо-
горулатуу, кызматтык командировкалар жана башка сырткары чыгууларды
тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери тиешелүү аймактардан сырткары
чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган
Жарлыгында белгиленген талаптарды бекем жетекчиликке алышсын жана
төмөнкүлөр менен милдеттүү түрдө макулдашсын:
- облустардын мамлекеттик администрация башчылары губернаторлор,
Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери -
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясынын жетекчиси менен;
- райондордун мамлекеттик администрация башчылары облустардын мам-
лекеттик администрация башчылары - губернаторлор менен;
- Бишкек шаарынын райондорунун администрация башчылары - Бишкек
шаарынын мэри менен;
- шаар башкармаларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары - Кыргыз
Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук
агенттигине маалымдоо аркылуу тиешелүү аймактардын райондук мамлекеттик
администрация башчылары менен;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын аймактык подразделениелеринин
жетекчилери - тиешелүү аймактардын жергиликтүү мамлекеттик администра-
циялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына
маалымдоо аркылуу тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчиси менен.
2. Облустардын мамлекеттик администрация башчыларынын - губерна-
торлорунун, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын
мэрлеринин кызматтык сапарларынын жана башка сырткары чыгууларынын Кыр-
гыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуунун тиркелген фор-
масы бекитилсин.
3. "Чет өлкөлүк кызматтык командировкаларды тартипке келтирүү жана
уюштуруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин
натыйжасыз аткарылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 12-апрелиндеги № 169 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана то-
луктоо киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарында "облустук мамлекеттик
администрациялардын башчылары" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пункттун биринчи абзацы ", облустук мамлекеттик администрация
башчыларынан, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын
мэрлеринен тышкары" деген сөздөр менен толукталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана региондук
өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 13-сентябрындагы
№ 657 токтому менен
бекитилген
Облустардын мамлекеттик администрация
башчыларынын - губернаторлорунун, Бишкек,
Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын
мэрлеринин кызматтык сапарларын жана башка сырткары
чыгууларын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен
МАКУЛДАШУУНУН ФОРМАСЫ
| № | Аты-жөнү | Чыгуунун | Өлкө, калктуу | Чыгуу | Келүү | Каржылоо булагы | |
| кызматы | максаты | конуш (анын | күнү | күнү | --------------------- | ||
| ичинде | Жөнөтүүчү | Чакыруучу | |||||
| республикасынын | тараптын | тараптын | |||||
| чегинде) | эсебинен | эсебинен | |||||
| (сумма сом | (сумма сом | ||||||
| менен | менен | ||||||
| көрсөтүл- | көрсөтүл- | ||||||
| сүн) | сүн) | ||||||
| 1 | |||||||
| № | Бирге | ||||||
| барган | |||||||
| адамдар- | |||||||
| дын аты- | |||||||
| жөнү, | |||||||
| кызматы | |||||||
| 1 | |||||||
| 2 | |||||||
| 3 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы №451 "Мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин жана кызматчыларынын чет өлкөлүк…Постановление · 15.07.2009 · № 451
- Постановление Правительства КР от 12 апреля 2001 года №169 "О неэффективном выполнении решений Правительства Кыргызской Республики по вопросу упорядочения и организации…Постановление · 12.04.2001 · № 169 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы №451 "Мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин жана кызматчыларынын чет өлкөлүк…Постановление · 15.07.2009 · № 451
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы №394 "Мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи кызматчылардын кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын…Указ · 25.07.2006 · № 394
- Постановление Правительства КР от 12 апреля 2001 года №169 "О неэффективном выполнении решений Правительства Кыргызской Республики по вопросу упорядочения и организации…Постановление · 12.04.2001 · № 169 · Күчүн жоготкон