Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 19-сентябры № 683
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын
15-ноябрындагы № 626 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Италия Республикасы жана Лихтенштейн
Княжествосу менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык
кызматташуусун кењейтүү максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтү
токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет
өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626
токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- № 6 тиркеме төмөнкүдөй редакциядагы зскертүү менен
толукталсын:
«Эскертүү: Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы жана Женева
шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү, Кыргыз
Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым
укуктуу Элчиси М.К.Жумалиевге өлкөлөрдү айкалыштырып иштегендиги
учун кызматтык маянасына 20 процент өлчөмүндөгү үстөк
белгиленсин.».
2. Бул токтомдун 1-пунктунда каралган устөк аталган адам
айкалыштырып иштөө боюнча кызматка дайындалган күндөн тартып
төлөнөөрү белгиленсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 15 ноября 1999 года N 626 "О реорганизации загранучреждений Министерства иностранных дел Кыргызской Республики"Постановление · 15.11.1999 · № 626 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 15 ноября 1999 года N 626 "О реорганизации загранучреждений Министерства иностранных дел Кыргызской Республики"Постановление · 15.11.1999 · № 626 · Күчүн жоготкон